Айбат » Бишкек-Ош жолунда автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, 7 адам каза болду, бирөөнүн сөөгү сууга агып кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек-Ош жолунда автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, 7 адам каза болду, бирөөнүн сөөгү сууга агып кетти

аварияБишкек-Ош унаа жолунда автоунаа Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, 7 адам каза болду, экөө жаш бала.  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында кечээ, 21-августта саат 22:00дөр чамасында, Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымында мамлекеттик номуру D 94-56 E болгон «Хонда-степ» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан, унаа Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен. ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, натыйжада 7 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Жабыркаган адам: Юсуржанова Диларам, 36 жаштагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну, милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди. Каза болгондор: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары болуп саналган – 63 жаштагы Батиков Вадиат, 42 жаштагы Руспиева Альтынай, 12 жаштагы Юсупжанова Насипа, 7 жаштагы Отобеков Элдияр, 5 жаштагы Миташов Айдар, 3 жаштагы Миташова Мээрим, 36 жаштагы – айдоочусу Артыкбаев Махмут. Каза болгондордон 4 адам милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жерине жеткирилген. Унааны дарыядан крандын жардамында чыгаруу учурунда, унаанын ичинде калган 2 жаш баланын жана 1 аял кишинин сөөгү сууга агып кеткен. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин II-ИКОнан 10 куткаруучу тартылып, унаанын ичинде калган адамдарды чыгарып беришкен. Көрүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, сууга агып кеткен адамдарды издөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2013-жылдын 22-августунда саат 05:00дө издөө иштерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы II-Издөө-куткаруу отрядынан (ИКО) 20 куткаруучу тартылып, саат 05:00дө издөө иштери башталды.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru