Айбат » Нарынга дүйнөдөгү алты долбоордун бири келип жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарынга дүйнөдөгү алты долбоордун бири келип жатат

fourscquare20-август күнү Нарын шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) Инновациялык фондунун “Foursquare аркылуу жергиликтүү коомдоштуктарды өнүктүрүү” долбоору тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр айтылды.  БУУ ӨПтүн аймактык кеңсесинин менеджери Бакыт Шерипбаев Нарын облусунда туризм бирден бир маанилүү тармак катары бааланарын, натыйжада жаңы долбоордун кадамы ташталгандыгын белгилесе, БУУ ӨПтүн негизги кеңсесинин кызматкери Кумар Кылычев долбоордун максаттары, милдеттери, көмөктөшүүнүн орду жөнүндө айтып берди. “Улуттук статистиканын маалыматы боюнча Нарын областына 2011-жылы 17 869 турист келсе, 2012-жылы 26 314 турист келген экен. Бир жылда 32 пайыз көбөйүү болгон. Бирок туристтердин дээрлик 63 пайызы бир күнгө гана токтогондор болуп саналат. Мында эң башкы көйгөйлөр маалыматтын жоктугу, туристтик продукциянын начардыгы жана жетишсиз маркетинг болууда, -дейт К.Кылычев мырза. Натыйжада быйылкы жылдын июль айында БУУ ӨП Кыргызстандын Туризм департаменти жана “Турист. KG” туристтик жол көрсөткүч менен биргелешип республика боюнча Нарын областында жогорудагы долбоорду ишке ашырууну сунуштаган. Жыйынтыгында дүйнөдөгү 52 долбоордун арасынан 6 долбоор таңдалып алынган. Анын бири жогоруда аталган долбоор экен. Белгилей кетсек, Черногорияда “Foursquare” платформасы 1,5 жыл мурда эле иштей баштап, ушул аралыкта туризмди, анын ичинде экотуризмди илгерилетүүдө маселелерди чечүүнүн натыйжалуу куралына айланган.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru