Айбат » Саясий исламдын келечеги кандай?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясий исламдын келечеги кандай?

Mideast Libya

Египетте биринчи жолу демократиялык негизде шайланган президент Мохаммед Мурсинин бийликтен четтетилиши бул өлкөдөгү саясий ислам, демократия жана демократиялык процесстердин келечеги тууралуу талаш-талкууларды пайда кылды. Мусулман агайындар өздөрүн өлкө башкарууга жөндөмдүү экенин көргөзө алдыбы деген деген суроолор дагы берилүүдө. Андан тышкары Египеттеги окуялар Араб дүйнөсүндөгү саясий исламдын келечеги тууралуу ар түрдүү божомолдорго жол ачат.

Египеттеги соңку кан төгүүлөр бул өлкөдөгү жакынкы жылдарда болуп өткөн өзгөрүүлөргө Араб дүйнөсүнүн көз карашын өзгөрткөндөй болду. Жакынкы Чыгыштагы толкундоолор алгач жеке басар бийликке каршы, эркиндик үчүн күрөш катары каралып келсе, азыр болсо, секулярдык саясатчылар менен диний башкаруунун ортосундагы тирешке айланды. Бирок, бул Египет диний багыттан секулярдык нукка бурулду дегендикке жатпайт. Мындан эки ай мурда “Мусулман агайындар” кыймылына нааразылык билдирип массалык демонстрацияга чыккандарлдын арасында диний өкүлдөр дагы көп болгон. Алар мамлекетти жалгыз ислам башкарат дегенге ишенишпейт. 1928-жылы “Мусулман агайындар” кыймылын негиздеген мектеп мугалими Хасан Аль-Банна мамлекетти ислам башкарышы керек деген ураан менен чыккан. Анын “Биздин максатыбыз – Кудай, Куран – биздин мыйзамыбыз” деп айтканы бар. Египеттеги 2011-жылы болуп өткөн революциядан кийин “Мусулман агайындар” кыймылы бир нече жолу демократиялык милдеттемелерди алган. Бирок, көптөр ага ишенген эмес. Араб жазы башталган Тунисте дагы ушул тапта ушундай эле кырдаал түзүлүп, исламчыл партияларга ишеним солгундап турган маалы. “Мусулман агайындар” башкарып турган соңку эки жыл ичинде кооптонуулар жөн жерден чыкпаганы анык болду. Бул партия Египетте шариатка шайкеш келген мыйзамдарды конституциялык өзгөртүүлөр аркылуу киргизүүгө аракет кылды. Бийлик өзүнүн тар кызыкчылыктарын көздөп туруп алганы байкалды.

Бирок, көптөр бул жагдайды көбүртүп-жабыртып турушту. Мен маселен, “Мусулман агайындар” кечки клубдарды, кинотеатрларды жаап салды дегендей жалган маалыматтар тараганын укканмын. Партияга “террорист” деген мүнөздөмө бергендер дагы болгон. Ошентип, президент Мурсини бийликтен кулатууга анын буга чейинки ишмердүүлүгүнө карата нааразылыктар менен бирге, анын мындан кийинки кадамдарынан чоочулоо дагы себеп болгон.

Араб жазы башталган Тунисте дагы ушул тапта ушундай эле кырдаал түзүлүп, исламчыл партияларга ишеним солгундап турган маалы. Эркин шайлоодон жеңип чыккан исламчыл партия секулярдык партиялар менен коалиция түзгөн. Бирок, жыл башында солчул партиялардын эки көрүнүктүү өкүлү киши колдуу болуп, анын артында исламчыл радикалдар турат деген божомолдор өкмөткө каршы элдик нааразылыктарды күчөткөн. Түркияда болсо, ушул жазда исламчыл көз караштагы “АК” партияга каршы нааразылыктар күч менен таратылган. Көптөр бул өлкөдө токтоо ислам болгонуна карабастан, алар барган сайын авторитардык бийликке ыктап бара жатат деп эсептешет.

Түркияда болсо, ушул жазда исламчыл көз караштагы “АК” партияга каршы нааразылыктар күч менен таратылган. Көптөр бул өлкөдө токтоо ислам болгонуна карабастан, алар барган сайын авторитардык бийликке ыктап бара жатат деп эсептешет.

Египеттеги окуялар бул өлкөдөгү бир катар партиялар адаттан тыш өнөктөшкөнүн көргөздү. Револциячыл топтор, либералдар бул жолу “Мусулман агайындар” кыймылына каршы күрөштө аскерийлерди колдоого аргасыз болушту. Буга чейин алар аскерий жетекчилер адам укуктарын чектеген деген пикирде болушкан. Сириядагы кандуу кагылышууларга карата көз караштар дагы азыркы тапта өзгөрүп келе жатат. Себеби, бул өлкөдө соңку мезгилдери куралчандарга жихадчылар кошулуп, согуш диний жиктелүү нугуна бурулуп бара жатат.

Анткени менен бул кырдаал Египеттиктер Мубарактын доорун сагынды дегенди билдирбейт. Өлкөдөгү соңку толкундоолор революциянын алгачкы күндөрүн эске салууда. Көптөр эми Египеттеги өзгөрүүлөр авторитардык режимди алмаштыруу менен эле чектелбей турганын түшүнүшүүдө.

Египетте сот экс-президент Мубаракты камактан бошотууну чечти

Мубарак 2011-жылдагы толкундоолор учурундагы кан төгүүгө байланыштуу сот алдында кайрадан сурак бериши күтүлүп жаткан. Бирок анын адвокаттары коррупцияга байланыштуу айыптарынан акталгандан кийин мурдагы лидерди боштондукка чыгаруу аракетин көрүп жатышкан. 85 жашка чыккан Хосни Мубарак 2012-жылдын июнь айында мындан эки жыл мурдагы толкундоолор учурунда адамдарды өлтүрүүгө кутум уюштурган деген айым менен өмүр бою абак жазасына кесилген. Бирок, 2013-жылдын январь айында бул чечимди аппеляциялык сот жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого буйруган.

Соңку сот процесси ушул жылдын май айында башталган эле. Анткени менен Хосни Мубаракты сотко чейин абакта кармоо мөөнөтүн аягына чыгып калды. Ал аңгыча Европалык Биримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулуп, Египеттеги кризиске кандай чара көрүү маселесин талкуулап жатышат. Андагы жыйында армия колдоп жаткан өкмөт «Мусулман агайындар» кыймылынын демонстрациясын жүздөгөн адамдардын канын төгүү менен баскандан кийин кээ бир министрлер бул өлкөгө көп миллиарддаган жардамды кыскартууну сунуш кылышты.

Бирок ошону менен катар мындан улам Европалык Биримдик бул өлкөгө өзүнүн таасирин жоготуп албайбы деген эскертүү да айтылды, анткени Сауд Арабстан менен Персия булуңундагы өлкөлөр Египетке жетишпей жаткан каржылык жардамды берүүнү убада кылып жатышат. Американын бийлиги дагы Египетке жардамдын көлөмүн азайтуу керекпи деген маселени карап жатышкан чагы. Египеттеги копт христиандарынын интернет сайты хакердик чабуулга алынды. Мунун артында Мурсинин жактоочулары турат деген божомолдор бар. Кабарчылардын айтымында, Египеттеги чиркөө соңку окуяларга копт папасы Тавадрос экинчи президент Мурсини бийликтен четтетүүгө колдоо көрсөткөнү менен аралашкан.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru