Айбат » Басып алам дегендер жоопкерчиликке тартыларын унутушпасын…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Басып алам дегендер жоопкерчиликке тартыларын унутушпасын…

Эркин басылмалардын бири 10-сентябрда Жети-Өгүздө митинг өтүп, анын аркасында «Кумтөр» алтын кенин басып алуу аракети көрүлүшү ыктымалдыгын, мунун артында оппозиция лидерлеринин бири Садыр Жапаров турары айтылып жатканын жарыялады. Эгер алтын кени басылып алынса, ага катышкандар жана башкы уюштуруучулар мыйзам чегинде жазага тартылышы керекпи?

 Бакыт БакетаевБакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу:

– Албетте, эгерде чындап эле ошондой окуя боло турган болсо, аны уюштургандарды да, катышкандарды да мыйзам чегинде жазага тартыш керек. Анткени биздин Конституциябызда басып алуу деген нерсе жок. Ошол эле учурда жоопкерчиликке бул маселе боюнча жооптуу кызматтагыларды да тартыш керек. Садыр Жапаров өзү жетектеген депутаттык комиссиясынын чечиминин аягына чыгам деп жүрсө керек. Андыктан аны менен да алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Азыр түрмөдөн эч ким коркпой калды. Анткени бизде өлүм жазасы деген жок да.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясынын лидери:

– Эгерде Жети-Өгүздө кайрадан баш-аламандык, «Кумтөр» алтын кенин басып алуу өңдүү окуя боло турган болсо, сөзсүз түрдө аны уюштуруучулар менен катышуучулар мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Биз өнүгүүгө багыт алган, мыйзамдуулукту сыйлаган мамлекет болсок, кандай гана мыйзам бузуулар болбосун, көз жаздымда калтырып, жоопкерчиликке тартпай койбошубуз керек.

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:  

– Эгерде «Кумтөр» алтын кенин басып алуу боло турган болсо, бул биринчиден мамлекетибизге өтө чоң зыян алып келет. Экинчиден инвесторлордун укугу бузулат. Үчүнчүдөн, жалпысынан эле мыйзам бузулат. Демек, мыйзам бузулгандан кийин жоопко тартыш керек болот. Андыктан мындай кадамга барбай эле койгон оң.

Алга КЫЛЫЧЕВ, «Элдик сакчы» коомдук бирикмесинин командиринин орунбасары:

– Демократия дей берип биз көчө митингдеринен башыбыз чыкпай калды. Саясатта элиталык оппозиция деген түшүнүк да жоголду. Бийлик үчүн, өздөрүнүн кызкчылыгы үчүн карапайым элдин социалдык начар абалынан пайдаланып, айрым шылуундар мамлекетибизде башаламандык жасаганга аракет жасап жүрүшөт. «Кумтөрдү» күч менен басып алуу аракети боло турган болсо, бул мамлекетибизге жасаган чыккынчылык катары эсептелет. Андыктан ошондой окуя боло турган болсо, ага шылуундардын көкүтүүсү менен барган карапайым элди эмес, аны уюштуруучуларды, башында тургандарды жазалаш керек.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:

– Митинг өткөрсө болот. Бирок, бардыгы мыйзам чегинде болушу шарт. Эгерде алардын аракети мыйзамдын чегинен тышкары чыгып, одоно бузуулар болсо, өткөндөгүдөй чоң экономикалык зыян алып келүүлөр болсо, албетте жоопко тартыш керек. Азыркы тапта өкмөт канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 10-сентябрда жыйынтыгын айтышат. Анан алардын жыйынтыгын укпай, кандай чечимге келишкенин билбей туруп эле баш-аламандык кылууга аракет жасала турган болсо, ал мыйзамга да жатпайт, акылга да сыйбайт.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru