Айбат » Түндүк Корея алгачкы жолу смартфон чыгарды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Түндүк Корея алгачкы жолу смартфон чыгарды

NKOREA-ECONOMY-IT-TELECOM-SCIENCE-FILES

Өзөктүк куралдар боюнча сынактары менен сөзгө алынган Түндүк Корея бул ирет акылдуу телефондору менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Дүйнөдөгү эң жабык өлкө катары таанылган Түндүк Корея бийлиги телекоммуникация тармагына кадам таштап, Андроид системасы аркылуу иштеген Arirang аттуу акылдуу телефон жасап чыгарды. Пхеньян бийлиги түзүмдүн камерасы жогорку тактыкта экендигин гана билдирип, башка өзгөчөлүктөрүн айткан эмес. Өлкөдө чөнтөк телефондорду колдонгондордун саны 2 миллиондон ашкан. Жаш лидер Ким Чен Ын өлкөдөгү чет элдиктерге социалдык тармактарды пайдаланууга уруксат берген. Бирок жергиликтүү калктын интернетке кирүүгө укугу жок. Болгону алар ич ара номурларга чалат же келген чалууларга жооп берет. Ошондой эле кабар жөнөтүү, алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышат. Кореянын борбордук маалымат агенттиги телефон чыгарылган 11-май заводунда Ким Чен Ын болгонун, андагы сөзүн берген. Лидер өз сөзүндө телефон элдин кызыгуусун жараткандыгына ыраазы экенин, Түндүк Корея маркасын алып жүрүүчү түзүм улуттун сыймыгы жана “элге болгон урмат-сыйдын символу” болорун баса белгилеген. Ошондой эле ал Arirang телефонунун тышкы көрүнүшү, салмагы тууралуу мактоо сөздөрүн айтып, байланыш жана таанып-билүүгө зарыл болгон бардык өзгөчөлүктөргө ээ экендигин кошумчалаган.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru