Айбат » Россияда жаңы “Бабушкафон” сатыкка чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Россияда жаңы “Бабушкафон” сатыкка чыкты

just5 brick

Орустардын жаңы “Just5 Brick” аттуу телефонунун ачылыш аземи Москва шаарында өттү. Чоң клавиатуралары, зарядынын узакка чыдамдуулугу менен өзүнө тарткан телефон Россия менен Европада 91 доллардан сатыкка чыгарылды.  Дизайны белгилүү орус дизайнери Артем Лебедев тарабынан жасалган телефон сүйлөшүү жана жазуу жүзүндө кабарлашуу үчүн ылайыкталган. Латвиялык Орбита телеком жана Rus Just5 ишканасы биргелешип чыгарган түзүм азырынча Россия жана Европанын соода жайларында орун алды. Ал чоң клавиатуралары, фонары жана радиосу менен өзгөчөлөнгөндүктөн орустар аны “Бабушкафон” деп аташты. Заряды бир аптага жеткен телефонго Нокианын батареялары пайдаланылат. Беш өңдө чыгарылган жаңы түзүмдү улгайгандар эле эмес, жөнөкөй телефонду жактыргандар үчүн да ыңгайлуу. Бир аптадан кийин алар АКШда сатылаары күтүлүүдө.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru