Айбат » Google компаниясы жаңы Nexus 7 планшетин сатыкка чыгарды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Google компаниясы жаңы Nexus 7 планшетин сатыкка чыгарды

nexus-7

Google компаниясы жаңыланган Nexus 7 планшеттерин өзүнүн Play Store сайты аркылуу 30-июлдан баштап сатыкка чыгармак. Бирок… Бирок, Америкадагы бир катар ритейлер фирмалар жаңы планшетти 26-июлдан баштап эле сатып баштаган. Google компаниясы да 30-июлду күтүп отурбай, өзүнүн интернет дүкөнү аркылуу Nexus 7 планшеттерин 26-июлдан баштап сатып баштаган. Кара түстөгү 16 жана 32 ГБ версиясындагы планшеттерди 299 жана 269 долларга сатып алса болот. Ал эми LTE-модулу бар планшеттин баасы 349 доллар. Жаңы планшеттин экраны 7 дюйм жана 1920х1200 пиксел. Акыркы үлгүдөгү бардык техникалык кызматтарды камтыйт. Адистер Google компаниясынын бул продукциясын Apple компаниясынын iPad miniсинин негизги атаандашы деп баалашууда. Себеби, Nexus 7 планшетинин баасы кардарлардын капчыгына ыңгайлуу болсо, экинчи жагынан сапаты жагынан iPad miniден кем калбайт. Планшеттин аккумуляторунун кубаттуулугу 3950 мАч. Бул дээрлик 9-10 саатка чейин интернет колдонуп, видео көрүүгө жетет.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru