Айбат » Талип Ибраимов: Эгемендик күнү жакындап келет. Жыйырма эки жыл. Бул көппү же азбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Талип Ибраимов: Эгемендик күнү жакындап келет. Жыйырма эки жыл. Бул көппү же азбы?

желек

Жыйырма эки жыл ичинде талкаланган Германия тез ирденип, калкынын жашоосу көтөрүлүп, цивилизация деңгээли боюнча лидерликке жетип отурат. Ал эми биз жыйырма эки жыл ичинде өнүккөн өнөр жайын бүлүнтүп, айылчарбасын талкалап, элди жапайы да, жакыр да кылып, экономикабызды сырттан түшкөн гана жардамдын эсебинен жашоого мажбурладык. Өз колубуз менен согуш гана жасай алган ишти бүтүрүп салдык. Эмнеге ушундай болду? Кылчайып, эс пештеп көрөлү.

Эгемендик үчүн күрөшүп атып баррикадага чыкпастан, партизан болбостон, эгемендикке керек болсо баш оорутпай эле жеттик. Эркиндик бизге куру бекер тийди, биз эркин, намыстуу эл болуп, Кыргызстандын гүлдөгөн келечегин оңой эле куруп алабыз деп ойлодук. Балким бир нече жыл ичинде экинчи Швейцария куруп берем деп кыйкырган Акаев ушинтип ойлосо керек. Бирок жашоо баёлугубузга эмес, эс-акыл калчообузга карайт экен. Советтер Союзунун экономикасы уюшулган негизде жүрүп, республикалар бири биринин колдоосу жок жашай алган эмес. Экономикалык, өндүрүштүк байланыштар үзүлүп, завод-фабрикалар иштебей, эл жумушсуз калды. Өлкөбүз экономикалык катастрофага кабылууга аз калды. Эптеп күн көрүү үчүн насыялар керек болду. Ал насыялар ыңгайлуу шартта берилиши керек эле. Баса белгилей кетейин, насыя берүүчүлөр бизге көңүл бурганы үчүн эле тебетейди асманга көкөлөтүп келдик. Насыялар жаай баштады. Алар негизинен Акаевдин тапкычтыгынан улам келген эле. Ал республикага демократия аралчасы макамын бере алды. Ал насыялар кандай бөлүндү? Бул суроого жооп алуу үчүн кайта эле Акаев феноменине такалабыз. Жогорку билимдүү, жылдыздуу жылмая билген Акаев өз атын тарыхка эл атасы катары Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн адам катары калтыра алмак. Ооба, ак ниет адам болсо, тарых барактарына жазылып калмак. Элди чынчыл, намыскөй болууга чакырып атып, ал өзүнүн жакын санаалаштары катары уятсыз, намыссыз адамдарды тандап, алардын үйбүлөөсүн байытып атты. Биздей чакан өлкөдө ушак тез тарайт эмеспи. Акаев эки жүздүүлүк, уурулукка ачык эле үйрөтүп, биздин таланттуу эл анын сабактарын тез өздөштүрдү. Экономикага рационалдуу карагыла деп атып, өзү тескери иштерди жасай берди. Бир реформа башталбай жатып, тез эле экинчисине өтүп кеткенди өнөк кылды. Ушундан улам завод-фабрикалардагы жабдуулар уурдалып, ага Акаевдин санаалаштары ээлик кылып, металл калдыктары катары коңшу мамлекеттерге сатылды. Эл жакырланып, эптеп жан багуу үчүн моралга жат нерселерди жасоого даяр турду.

Бүгүнкү күндүн башынан карап, Акаевдин убагындагы коомдун жашоосуна, андан кийин Акаевдин жагымсыз вариантына айланган Бакиевдин убагына көз жүгүртсөк, эл менен интеллигенциянын чексиз чыдамкайлыгына да, аңырайган аңкоолугуна да таңгаласың. Акаев да, Бакиев да элди ачык тоноп, калп айтып, элди эл катары караган эмес. Өлкө башчыларына жагынып, сыйынып, көзүн караган адамдар да толтура, алар бүгүн да, эртең да боло берет. Калган эл менен интеллигенциячы? Алар эмне, гипноздолуп же чылгый уйкуда беле? Муну түшүнүү үчүн бираз артка чегинели. Совет мезгилинде кыргыздар цивилизациялык өнүгүүдө алдыга озуп кеткен. Бирок бир кылка өнүккөн эмес, Айтматов сыяктуу авангарддан руханий кербен башталып, ал салт-санаа катары бизге тартууланган патриархалдык аң-сезимде жашаган айылдарга чейин чубалды. Бул авангарддан арьергардга чейинки узун чынжырды билим деңгээли жана салтка болгон көзкарашы боюнча бөлүнгөндөр толуктап турду. Баса, билимсиз, ыпылас адамдар дайыма салтты бетине кармап, өзүн кожоюн эсептечү. Ошенткени менен кыргыздардын арасында техникалык билими бар, дасыккан адистер саналуу эле. ЖОЖдордо билим орус тилинде берилчү. Кыргыз тилине которулган китептер аз эле. Көбүнчө алар сапатсыз которулчу. Котормочуларды даярдаган мектеп жок үчүн дасыккан котормочулар да абдан аз эле. ЖОЖду бүтүргөндөн кийин чанда гана кезикчү адамдар билимин өркүндөтүп, көпчүлүк болсо, айлыктан айлыкка күн көрүп жашай берчү. Анын үстүнө кыргыздар ЖОЖду бүтүргөндөн кийин бейиш жашоо башталат деп эсептечү. Орус тилин начар билгендиктен кызматында да көтөрүлө албай отургандар өзүн кемсинтилген пендедей эсептечү. Кандай кыргыз мансапты сүйбөй койсун? Бирок алардын көбү өз билимин өркүндөткүсү келбейт. ЖОЖдо берген эптеген билимин алып, алар өзүн дүйнөнүнүн даанышмандыгына жеткендей көрчү. Ошентип биз эгемендикке таарыныч-бугу толгон, өзүн көкөлөткөн, бирок билим деңгээлинин тайкылыгынан көтөрүлө албаган эл катары жеттик.

Арийне, чындык катаал турбайбы, букара элди өз калпынан алаксыткысы келген төбөлдөрдүн бир жакшы ыкмасы бар: алар мифтерди тарата баштайт. Совет мезгилинин мифи коммунизм болсо, Гитлердин мифи арийлер эле. Акаев болсо кыргыздардын улуу тарыхы, «Манас» эпосунун зордугу, укмуштуудай бай кыргыз тили жөнүндө мифтерди таркатып, аларды ар түрдүү салтанаттар менен коштотту го, чиркин. Ким эле бекер тарых, бекер курсакты тойгузуп, таңгалган планета алдында мактангысы келбейт? Планетанын башка элдеринен өзгөчөлөнүп турган кыргыздар «сомнабула» кейпин кийип, чыныгы жашоонун тикенектерине этибар мамиле жасады. Ушундан пайдаланган акылсыздар алдыга жүткүнүп, элди артынан сүйрөп, бийликти басып алууга умтулду. Алдыга өз таланты, энергиясы, зээндүүлүгү менен жылбастан, демагогия, саясый ураандар менен чыкты. Ошентип, булар каалаган максатына жетип, коомдук атмосфераны сактап калууга аракет жасады.

Ар бир акын «Мен – кыргызмын!» деген поэмалары менен тоолуу пейзаждарды сүрөттөп, салтанаттуу мааракелер биринин артынан бири коштолуп, Кыргызстандын өткөн-кеткен тарыхындагы баатырлар жайнап кетти.

Бирок тарыхты алдап болбойт. Анын башынан кандай гана нерселер өткөн эмес. Тарых тажрыйбасы үйрөткөндөй, коом өнүгүүсүнүн эки жолу бар: некрофилия (өлгөндөрдү сүйүү, регресс) менен биофилия (жандууларды сүйүү, прогресс). Некрофилия үчүн өткөн гана чак бар, аны мажбурлап гана жашатат. Некрофилдер өткөндү гана жактыргандыктан, өлкөдө мааракелер өтүп, эстеликтер тургузулуп, жомок каармандарын эл туурап калат. Чындык үчүн биофилия тирөөчү. Жашоону сүйгөндөр жашоо процессин сезип, баардык чөйрөдө өсүүгө аракет кылат. Ал жомокторго, макал-лакаптарга канаттанбай, жаңы нерселерге жан үрөйт. Ал бөлүк эмес, бүтүн нерсени, сумма эмес, структураны гана көрөт. Ал сүйүү, аң-сезим, үлгү аркылуу таасир эткиси келет. Жогоруда айтылгандарды эстеп, биздин өлкө прогресске же регресске умтулуп атканын баамдаса болот. Эл – бул жандуу организм, аны бир багытта гана жашатуу мүмкүн эмес, ошондуктан биздин коомдо некрофилдер менен катар жазмакерлердин наалыганына карабастан, биофилдер да бар. Биздин жарандык милдетибиз – ушул өсүп, көтөрүлүп келаткан чырпыктарды сактап калуу. Макулук кейиптенген патриоттук ураандарга дүүлүгүп алгандарга каршы туруу өтө татаал. Сокур ура-патриотизм далай элдин түбүнө жеткен. Ал эми биздей адамдар сейрек кездешип, тарап кетүү процесси башталды. Дүйнөнүн кырк сегиз өлкөсүндө иштеген бир жарым миллион кыргыз мекенине кайтып келет деп ойлойсузбу? Бул жерде жакындары, туугандары жашагандыктан, мекени менен болгон байланыш үзүлбөйт. Анан биз коомдук атмосфераны өзгөртпөсөк, булар кайтып келбейт эч качан. Мекениң жеткен калпычыларга толуп алса, ууруларга шыкалган өлкөңө эч кимди кайтарып келүү мүмкүн эмес!

Өзгөрүүлөрдү баштоо үчүн идеологияны ойлоп табуунун кереги жок. Болгону калп айтпай, уурдабай, элди урматта. Биздин өлкөгө чындык менен жоопкерчиликти эч ким инвестициялап бербейт. Эч ким чындыктын көзүнө тике кароону үйрөтө албайт. Өзүбүздө ушул сапаттарды тарбиялап чыксак гана терең аңдан тырмышып чыгалабыз.

Миң жылдыктан өтүп, атыбызды сактап калдык. Уникалдуу маданиятты жаратып, аны сактап калдык.

Жыйырманчы кылымдын башында цивилизация арибин тааный баштасак, болгону он чакты жыл ичинде дүйнөгө аты дүңгүрөгөн инсандарды тарбиялай алдык.

Ушундай мүмкүнчүлүгү бар эл тарых жолунда адашып калбас. Ошондуктан, эмне болбосун, өзгөчө кырдаалда жыгылып-кооп, кайта бутка турсак да барыбир аң-сезим жана рухубуздун жардамы менен келечегибизди курушубуз керек.

Келечегибизди эч ким куруп бербейт. Бул өз колубуздан гана келчү иш.

Талип Ибраимов

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru