Айбат » Биздин айыл!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Биздин айыл!

карикатура

Кат куржунга кат келди, каада күтүп салт келди” – айылдарда эмне кеп акыйкат барбы бул демек. Кандай жолу менен айылдагы башчыбызды кынк эттирген кылыгын кыл жип менен бууйбуз. Ойлонуп отурдум, ой-толгоо келтирдим. Эмне кылсам экен, кимге барсам экен деп отуруп эсиме маалымат каражаттары келип түштү. Ошентип өзүмдүн туулуп өскөн айылымдын айыл өкмөт башчысынын кылыгын гезит аркылуу чагылдырып бир акыйкат чечим кабыл алынаар деп ишендим да, гезитке жарыялоону чечтим…

 «Башы жок бака, көзү жок көөгөн» башкарган Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтү көргөн элдин көңүлүн оорутуп, «эми кантебиз»- деп, жүрөк сыздап турган кез. Биздин айыл өкмөтү баш кийим алмашкансып, жыл сайын эмес, ай сайын алмашып, жаштар колдоп, эл үмүттөнүп койгон Дунканаев Максатбек Нургазиевич эл ишеничин актагандын ордуна карапайым элди түгөнгүс түйшүкө салды.

Убактылуу айыл өкмөттүн милдеттин аткарып жаткан Нусубалиева Нурбубу Бектуровна ишин өткөрүп берип жатып Таш-Дөбө айыл оөкмөтү менен биригип 15 тонна күйүүчү май (солярка) алынып келгенин, аны элге арзан баада туратуусун, убактылуу жооптуу катчынын милдетин аткарып жаткан Абдырахманов Ишенбектин убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу мыйзам ченеминде жумуштан алуусун, айыл өкмөт аппаратын тазалап жаш кадрларды кызматка алгандыгын айтып, аларга иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керектигин түшүндүрүү  менен ишине ийгилик каалаган.

Дунканаев Максатбек Нургазиевич креслого отуураары менен эле «мен шайлангыча эч кимге жаман көрүнбөйм» – деген куру шылтоо менен эч бир ишти алып кете алган жок.

15 тонна күйүүчү май (солярка) айылыбызга келген жок, 11-апрелде мөөнөтү бүткөн мурда соттолгон Абдырахманов Ишенбек жооптуу катчынын убактылуу милдетинен мыйзам чегинде бошотулган жок. Ал эми жаш кадрларыбыз чындыкты көрүп таза иштеп баштады, алардын жасаган иштери туура болуп турса да көрмөксөнгө салып куугунтукка ала баштады.

Жаш кадрлар Абайылдаева Зулайка билими жогорку юрист бул тармакта кичинекей айылыбызда жумуш жок болгондугуна байланыштуу эсеп-кысап бухгалтери болуп иштеп келе жаткан, бетке айткан ишине тың, так кызматкер болгондуктан андан кутулуш үчүн «кыскарды» деген шылтоо менен жумуштан алып салышты.

Ал эми салык кызматкери болуп иштеп жаткан Жумабек уулу Талгарбекти кысымга алышып аны да жоготушту, бул балабыз жаш болгондуктан анын иштеп жаткан  иши  баардык айыл тургундарына жаккан, ак көңүл  болгондуктан күлүп гана салыкты чогултуп кетет эле.Бул бала салык боюнча сырттан окуп жаткан.

Анан кандайча эле 10 айлык дүкөнчүнүн окуусун бүткөн бир тууган болосу Токтогонова Кайырбүбү салык инспектору болуп калды түшүнбөй калдык.

Айылда жалгыз билимдүү жогорку окуу жайды 5-жыл окуп келген мал доктурубуз (вет.адис) Осмонкожоев Илгизди да жоготуп, ким көп акча берсе ошону жумушка алам, же дагы бир бир тууган бөлөмдү алам деп турган кези.

Ушунтип жаштар иштебесе, же өзү кыйратып жаштарга үлгү бербесе Түгөл-Сай айылы өсүп чоңойбостон, өлүп жок болобу деп ичим күйөт. Айылыбызды ушундай башы жок бака башкарганы аз келгенсип, көзү жок көөгөн жооптуу катчынын милдеттин аткарып жаткан Абдырахманов Ишенбек да башкарып келүүдө.

Ал карапайым элди жүдөтүп, үй-бүлөөлү справканы 5 (беш) сомго, пенсионерлерге келишимди 50 (элүү) сомго жазып чөнтөгүн толтуруп турган чагы.  Үстүбүздөгү жылдын касиетүү айы орозо айында Жумгал элине ооз ачтырганы жана битир-садага кайыр кылганы депутат кызыбыз Дамира Ниязалиева келген эле.

Жумгалдын ар бир айыл өкмөттөрүнөн бештен колунда жок, багаар көрөрү жок, жакыр үй-бүлөлөргө 5000 (беш миң) сомдон жардам катары өз чөнтөгүнөн берип кеткен эле. Ошондой үй-бүлөлөрдү алып барып орозо айында сооп алгандын ордуна Дунканаев Максатбек Нургазиевич өз атасын жаман кийинтип алып барып беш миң сомду алып берген. Атасы Нургазынын 3-4 үйүр жылкысы, 50дөй уйу, 300дөй коюу бар адам.

Калган эрчитип барган төрт адамдан да «мен силерди алып келдим» – деп 500 (беш жүз) сомдон алганга да үлгүргөн. Ушул фактылар оркойуп көрүнүп турса да башы оорубай, кыйратып салгансып басып жүрөт. Кааласа шаарга, кааласа тоого, кааласа көлдө эс алып жүрөт.

«Күйгөндөн айтам бир сабак» – дегендей, ушунун баарын угуп, көрүп туруп чыдап отура  албадым. Жашым жарым кылым жашап калган карапайым мендей адамды өйдө жактагылар кабыл алмак беле. Гезит бетинде болсо окуп көрүп, бул кылыгы кылтыңдаган айыл өкмөт башчысынын кылган кылыгын эл таразалап эл бир чечим кылат деген ойдомун. Болбосо балык башынан сасыйт болгон заманда, жогорку бийликтеги билермандар кичикий айылды тейлеген Телибай тентектин термелткен тээтиги тескери ишин бир кылдаттык менен көзгө алып ишин оңунан чыгарат го деген тилектемин…!!!

 Турсунай

Айбат гезити (бул кат өзгөртүүсүз берилди)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru