Айбат » Рысбай Исаков: Аянтка Манастын душмандарынын эстелигин койгон адам жоопко тартылышы керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Рысбай Исаков: Аянтка Манастын душмандарынын эстелигин койгон адам жоопко тартылышы керек

2Манасчы Рыспай Исаков 2009-жылы Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтына «Манас» эпосундагы Манастын душмандарынын эстелиги коюлуп, бирок бул иш кандай максатта жасалганы иликтенбей калганына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, кыргыз эли туу тутунган Манас атабызга душмандык кылгандардын эстелигин борбордук аянтка коюу – кыргыз элинин намысына шек келтиргендик.
– Улуу Манас атабыздын душмандарынын эстеликтерин биздин борбордук аянтка коюп, кыргыз элинин намысына шек келтиргенине эл нааразы болду. Чубайдын, Нескаранын, Коңурбайдын эстеликтерин орнотуп койгон болчу. Бул калмактардын кылганы деп эсептейм. Эл нааразы болуп, каршылыгын билдиргенден кийин алып салууга мажбур болушту. Бирок, бул иш аягына чейин иликтениши керек болчу. Себеби, Манастын душмандарынын эстелигин ким, кандай максат менен койгонун аныкташ керек эле. Бул иш жабылуу бойдон эле кала берди. Ушул кадамды жасагандын өзү бул кыргыз элине чыккынчылык. Бул иштин башында ким турганы тууралуу менин маалыматым жок, бирок бул ишти жасаган адам жоопко тартылышы керек.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru