Айбат » Кыргызстандагы АКШ базасынын жетекчиси Дж.Миллард «Манас» базасынын толук жабыларын, 2014-жылы башка жакка көчүп кетишээрин билдирди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстандагы АКШ базасынын жетекчиси Дж.Миллард «Манас» базасынын толук жабыларын, 2014-жылы башка жакка көчүп кетишээрин билдирди

МиллардКыргызстандагы америка базасынын жетекчиси «аскер базаны башка жакка көчүрүп кетишибиз керек болуп атат, себеби, кыргыз өкмөтү ижара тууралуу келишимди узартуудан баш тартууда» деп билдирди. Манас базасынан америкалык аскерлердин кетиши боюнча расмий билдирүү жасай электигин эске алсак, командирдин жасаган билдирүүсү АКШ тараптын кетүүгө даярданып атканы тууралуу айтып, азыркы учурда маанилүү болуп турат. Бул тууралуу 17-августта EurasiaNet «The Bug Pit»  блогдогу «Манас» базасынан кеткенден кийин америка аскерлери кайсыл жакта негизделет?» (автор Джошуа Кучера) макаласында айтылган.
Базанын жетекчиси Джон Миллард мындай билдирүүнү Pentagon Channel каналына берген маегинде жасаган.  «Афганистандан аскерлерди чыгарып кетип аткан учурда Кыргызстандагы америкалык транзиттик борбор да жабылууга даярданат. Азыркы учурда биз бул транзиттик борбордун ишин жыйынтыктоону пландап жатабыз. Президенттин жана Коопсуздук боюнча кызматташуу эл аралык күчтөрүнүн (ISAF) пикиринде, 2014-жылдын июль айынын ортосунда [т.а. Манас базасы боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн бүткөн убагында] Афганистандан ааскерлер толугу менен чыгарылып бүтпөйт, ошондуктан, аны башка жакка көчүрүп туру керек болот» дейт ал. Маекти 14-августта жарыялашты, бирок кайра эле аны сайттан алып салышты (бирок мен анын копиясын алып калууга жетишкен элем, аны төмөндө салыштырып көрсөңүздөр болот деп жазат Кучера).
Бул маселеге америка тарап пиардай мамиле жасаганы кызык, чыгып кетишерин билет, бирок бул тууралуу расмий билдирүү жасашпайт.
Андан сырткары суроо туулат: Манас базасындагы ишин токтоткондо американын аскерлери кайсыл жакка которулат? Буга чейин дагы бир канча варианттар божомол катары айтылып келген. Казакстандагы Актау менен Шымкент, Тажикстандагы Куляб, Өзбекстандагы бир катар такталбаган базалар аталып келген. Жаңы база курат дегенге караганда, даяр кайсы бир базаган барып токтолот деген вариант логикага сыят. Бул тууралуу мен аскердеги булактарымдын бирине суроо берип көрдүм, ал «жаңы объектини куру үчүн убакыт менен акча кетет, Манас базасына альтернативдүү база Перс булуңу тараптан табылышы мүмкүн, мисалы Катардан же Бириккен араб эмираттарынан». Аны менен катар европалык базалар дагы жокко чыгарылбайт, мисалы, Критте, Түркияда, Италияда, Румынияда, же кала берсе Испанияда. Дагы бир булактарымдын айтымына караганда, афган транзитинде акыркы учурда Румыния маанилүү роль ойногон, батыш европа базалары Афганистандан кыйла алыс, ал эми Түркия саясый жактан алганда кыйыныраак вариант болмок, анткени, Сирия жакын турат
АКШнын мамдепартаменти менен Пентагон Манастын айланасындагы кырдаалга комментарий бергенден баш тартты. АКШнын аба күчтөрү учуп-конуучу полосаны жасоого тендер жарыялаганы кызык. «Бул кадыресе практика, бул биздин калгыбыз келатканын түшүндүрбөйт» дейт АКШ аскерлеринин мурунку офицери Нэйтен Баррик (Nathan Barrick). «Учуп-конуучу полосаларды оңдоо иштеринин жасалышы мурдагы түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлө берет, бул базаларды ижарага алуудагы кадыресе эле көрүнүш. Ал жакта иштеген эксперттер полосаларды бат-баттан оңдоп турбаса болбой турганын айтышкан» дейт Нэйтен Баррик.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru