Айбат » Жазсак чычалайт. Кайра декларациясында ырастайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жазсак чычалайт. Кайра декларациясында ырастайт

Ахматбек Келдибеков«Кыргызстан патриоттор» кыймылынын лидери Назарбек Нышановдун билдирүүсүнө таянып, гезитибиздин №12 санында (2012-жылдын 28-декабры) парламенттеги «Ата журт» фракциясынын өкүлү Акматбек Келдибековдун мүлктөрүнүн четин сүрөттөрү менен кошо жарыялаганбыз. Ошондо Акматбек мырза: «Журналисттер калпты ышкыртып жаза беришет. Мен аларга теңелбейм, мунун артында ким турарын билем» дегендей жалганга чыгарган. Андан бери 1,5 жыл өтүптүр. Баягы так текедей түйүлүп, жанын жеп танып жаткан депутат 2012-жылга карата толтурган декларациясында баягы байлыктары туугандарына таандык экенин ырастаптыр.

Биздин гезитте жарыяланган макалада борбор шаарыбыздагы Медеров-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги наркы 350-500 миң долларлык эки «особняк», Тынчтык проспекти- Түштүк магистралдын кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөгү элиталык батир (базардагы баасы 200-250 миң доллар), Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү элиталык батир, Токтоналиев көчөсүндөгү элиталык батир, Табалдиев көчөсүндөгү 10 сотых жер тилкеси жана ондон ашуун кымбат баалуу машинелер (Тойота-Лендкрузер (№ В0001N), Лексус-RX350 (№ В0700Н), Лексус-RX350 (№Е0007А), Лексус-RX350 (№Е0710С), Тойота-Фортунер (№ В0707Y), Тойота-Лендкрузер (№ В8203А), Мерседес-Бенц–Е320 (№ В0700H), Мерседес-Бенц–Е320 (№ Е5941С), Хонда-Одиссей (№В 3725 D), Шевроле-Субурбан (№В 0001 N), ВАЗ 21214 – Нива (№ Е3443D) Акматбек Келдибекович менен анын жубайы Аида Токтоматовага таандык экени сүрөттөрү менен кошо чагылдырылган эле. Ал эми өткөн жылга карата толтурган декларациясында 558,6 чарчы/метр аянттагы үй, 605 чарчы/метр аянттагы имарат, 5000 чарчы/метрлик жер тилкесине жана калдыраган-шалдыраган «ВАЗ 21063», «ВАЗ Нива» үлгүсүндөгү унаалары бардыгын ачык жазыптыр. Ошондой эле жакын туугандарынын14 коттеджи (70,9 чарчы/метр, 333,8 чарчы/метр, 435 чарчы/метр, 277,4 чарчы/метр, 220,8 чарчы/метр, 223,6 чарчы/метр, 526, 02 чарчы/метр, 306,5 чарчы/метр, 459,47 чарчы/метр, 107 чарчы/метр, 361,85 чарчы/метр, 398,91 чарчы/метр, 1447,4 чарчы/метр, 696 чарчы/метр), 132 чарчы/метр, 276,1 чарчы/метр, 386 чарчы/метр жана 911,4 чарчы/метр аянттагы үйү,  5300 чарчы/метрлик жана 5500 чарчы/метр аянттагы жер тилкеси, 10600 чарчы/метр жана 472 чарчы/метр аянттагы кыймылсыз мүлкү, элиталык типтеги 6 квартирасы, «Lexus 570» үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышары бакырайта көрүнүп турат. Башкасын айтпаганда дагы, 2010-2011-жылдардагы декларациясында 14 коттедждин аты-жыты белгисиз болчу. Жакын туугандары бир жылдын ичинде 14 коттеджди кантип сатып алышканын так түшүндүрүп бериши керек же болбосо муну укук коргоо органдары иликтөөгө алышы керек го?

Негизи эле эл өкүлүнүн финансылык абалы, көмүскөдөгү байлыктары туурасында түрдүү кептер айтылып келет. Маалымат каражаттарынын жазганына ишене турган болсок, өткөн жылга карата көрсөткөн декларациясындагы мүлктөр – чекеси гана. Чыныгы байлыктарын санай берсен сан жетпейт экен. Мисалы, “Дело№…” гезити Акматбек Келдибековдун жеке өзүнө тийиштүү болгон Ак-Суу районундагы эки жер тилкесин, Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү имаратты, Медеров көчөсүндөгү жер тилкелерин, 100 миң доллардан жогору турган үч машинени санап берген. Булар декларацияга кошулбай калганы түшүнүксүз. Ал эми жубайы Аида Токтоматова ондогон “особняктар”, элиталык батирлер, кымбат баалуу машинелерден сырткары, “Илбирс-Саадат” пансионаты, “Илбирс” ишканасындагы акцияларга, Ысык-Көлдөгү 14 коттедж баштаган 31 объектиге ээлик кыларын “Дело№…” мамлекеттик каттоо кызматындагы жеке булагына таянып билдирген.  Бул мүлктөр эмне себептен декларацияда жазылган эмес? Муну дагы Келдибеков мырза түшүндүрүп бериши керек.

“Фабула” гезитинин өткөн жылдын 24-августунда жарык көргөн макаласындагы фактылар кызык. Ага ылайык, А.Келдибековдун Бишкектин ар кыл бурчуңда сауналары, 30дан ашуун квартирасы, “Эколог” жана “Илбирс” пансионаттары, “Айдан-фарм”, “ОРЕМИ”, “Гюнел” сыяктуу ири фирмалары бар экен. Буларды эмне себептен декларациясында көрсөтбөгөнү чоң суроону жаратат.

Акматбек мырза өзүн оппозиция лидери эсептеп, болочокто өкмөт башчысы болууну көздөп жүрөрүн билебиз. Эгер келечекте өкмөттү жетектеп, саясый карьера жасагысы келсе, анда “Фабула”, “Дело№…” гезиттери тизмектеген мүлктөрүнүн таржымалын жана аларды кантип жыйнаганын так түшүндүрүп бериши керек. Ошондо гана ага элдин ишеними ойгонот. А эгер так чечмелеп бере албаса, анда партиялашы Садыр Жапаров айтмакчы, анын “уурулугу” далилденип калбайбы? Бишкектин мурдагы жетекчиси Нариман Түлеев 2011-жылга карата толтурган декларациясында үйү, автоунаасы жоктугун билдирип, ал эми Ленин райондук соту анын байлыктарынын бир бөлүгүн мамлекетке өткөрүп берүү чечимин чыгаргандан кийин абийири айрандай төгүлгөнү маалым…

Aybat_12.indd

Акинай Айдарова

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru