Айбат » Өмүрбек Текебаев: «Ата-Журт» фракциясынн үч депутатынын мандаттарынан ажырашына жанында жүргөндөр да кубанып, аны өздөрүнүн кызыкчылыгына курал кылгылары келүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Өмүрбек Текебаев: «Ата-Журт» фракциясынн үч депутатынын мандаттарынан ажырашына жанында жүргөндөр да кубанып, аны өздөрүнүн кызыкчылыгына курал кылгылары келүүдө

Текебаев2

- Өмүрбек мырза, эл өкүлү Равшан Жээнбеков «Ата-Журт» фракциясынын үч депутатына карата чыккан Жогорку Соттун чечимин жана аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан бошоткон БШКнын чечимин саясый куугунтук, саясый чечим катары баалаптыр. Анын айтымында, депутаттарды мандатынан ажыратуу мамлекетти жакшылыкка алып келбейт экен. Чынында эле ушундайбы?

Текебаев

– Албетте, бул жерде саясый учуру дагы бар. «Ата-Журт» фракциясынын үч депутатынын соттолуп, анын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылганына далай саясатчылар, анын ичинде өздөрүнүн эле достору дагы сүйүнүп жатышат. Ушул учурду пайдаланып, калп эле аларга күйүмүш болуп, спекуляция жасап, өздөрүнүн кызыкчылыгына карата курал катары колдонууну көздөгөндөр да жок эмес. Бирок, биз ошол өткөн жылдын 3-октябрындагы окуянын болгонун көрдүк. Бул окуяны көргөн дүйнөнүн бир да мамлекети депутаттарга карата козголгон кылмыш ишинде, соттун чечиминде саясый мотив бар деп айтышкан жок. Болбосо, дүйнө жүзүндө канчалаган эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу уюмдар бар. Алар деле унчугушкан жок. Кыргызстандын ичиндеги өзүнөзү сыйлаган укук коргоочулар дагы бул жерде саясый мотив бар деп айтышкан жок. Болгону алардын адвокаттары, анан айрым саясатчылар саясый буйрук деп айтып жатышты. Конституцияда айдан ачык көрсөтүлүп турат: эгерде депутат болуп турган жаран сотто күнөөлүү деп табылса, соттун өкүмү күчүнө кирсе, анда ал депутаттык мандатынан ажырайт. Себеби, соттолгон адам депутат болуп туралбайт. Экөө таптакыр эки башка көрүнүш. Андыктан БШКнын чечими абдан туура чечим. Эми Жогорку Соттун чечимин саясый куугунтук дегенине кайрылалы. Жакында эле Түркияда бир чоң топту 2000-жылдардын башында бийликти күч менен алмаштырабыз деген планды түзүшкөн деген шек менен кармашып, өмүр бою эркинен ажыратышты. Андыктан бийликти басып алууга болгон аракет дагы кылмыш болуп эсептелет. Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө ушундай.

- Равшан мырза депутаттарды мандатынан ажыратууну Сталиндин доорундагы репрессия менен салыштырган экен. Салыштырууга болобу?

– Эгерде мен соттолсом дагы, Равшан Жээнбеков соттолсо дагы соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин депутаттык мандаттан ажыратылыш керек болот. Бул Конституцияда бажырайып жазылып турат. Анан кантип Сталиндин репрессиясы менен салыштырууга болот.

- Равшан Жээнбеков үч депутаттын Жогорку Соттон күнөөлүү деп табылышын төмөндөгүчө сүрөттөйт: «Биздин бийликтин депутаттарга, саясатчыларга карата: кимиңер мага каршы баш көтөрө турган болсоңор, бүгүнкү күндөгү соттор, прокуратура менин чөнтөгүмдө, мен баарыңарга каалаганымды кылам деген сигналы. Атамбаев ушул сот аркылуу баардык саясатчыларга, коомчулукка ушинтип эскертүү жасагысы келип атат. Ошону менен баардыгынын башын жерге салып, баардыгын мен билем, мен чечемдеген мамлекет курууга аракет жасап атат». Чын эле ушундайбы?

– Эгерде бийликти күч колдонуу аркылуу басып алган болсо, же ага аракет жасаса сот алдында ким болсо дагы жооп берет. Эгерде дагы да бийликти күч колдонуу аркылуу басып алганга ниети бар адамдар бар болсо, анда ошолорго карата «Ата-Журт» фракциясынын үч депутатына карата Жогорку Соттун чечими сигнал болот. Андан башка коркутуп-үркүтүү жок. Болгону мындан ары эч ким тосмодон секирип өтпөй калат.

- «Мамлекетте реформа жасоо керек» дейт Жээнбеков. «Бул реформа мамлекеттеги башкаруу системасын өзгөртүү» деп кошумчалайт. Болбосо, президент Алмазбек Атамбаев бийлигинин аякташына 1-1,5 жыл гана убакыт калды деп белгилейт. Чын эле башкаруу системасын өзгөртүү керекпи?

– Кайсы жакка карай өзгөртүүнү сунуштап жатат? Чындыгында биз мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрткөнүбүзгө үч жыл боло элек. Жаңы башкаруу системасын киргизип жатканда бардык депутаттар, анын ичинде ошол эле Равшан Жээнбеков дагы добуш берип чуркап жүргөн. Эгерде жаңы башкаруу системасын киргизгиси келсе, анда биздин киргизген системаны жараксыз деп табыш керек. Ага жараша өзүнүн конкреттүү сунушун айтышы зарыл. Жөн эле өзгөртүү керек дей бергенде өзгөрүү болбойт.

- «Бүгүнкү күндө биздин өкмөтүбүз дагы, сотубуз дагы, Жогорку Кеңешибиз дагы эч маселе чечпейт. Бүгүн Жогорку Кеңеш дагы Атамбаев, өкмөт дагы Атамбаев, сот дагы Атамбаев! Бардык бийлик Атамбаевде!» деген Равшан мырзанын пикирине кошуласызбы?

– Биринчиден, Жогорку Кеңеш маселе чече алат. Туура, Атамбаевдин саясый таасири күчөп атканы факт. Анын жанында жүргөн «азаматтар» андан пайдаланып атканын да жашыра албайбыз. Бирок, бардык бийликти Атамбаев өзүнө гана буйдалап, байлап алды дегенге болбойт.

- «Бүгүнкү күндө мамлекетти эки адам башкарып жатат. Анын бири Атамбаев, экинчиси Текебаев. Андыктан алар каалаганын кыла берсе болот» дейт Равшан Жээнбеков. Чын эле мамлекетти аталган эки адам башкарып жатабы?

– Атамбаев – мамлекет башчысы. Андыктан Атамбаев мамлекетти башкарып жатат деп айтканга негиз бар. Ал эми мен Жээнбеков сыяктуу эле мамлекетти башкарууда кыйыр түрдө тиешем бар. Анткени биз депутатпыз. Мамлекетти башкарууда түз эле буйрук берүү эмес, мыйзамдарды жазып, аны ишке киргизүү менен да башкарса болот. Эгерде Жээнбеков ошол жагынан «Текебаев көп мыйзамдарды жазып койду» деп жатса макул болууга болот. Ошондой эле мыйзамдарды өзү дагы жазып киргизсе болот.

 

Үч депутаттын окуясы башкаларга сабак болор бекен?

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата-Журтчу» үч депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдорду мандатынан ажыратты.  БШК мындай чечим чыгарылышынын чечимин Жогорку Соттун аталган депутаттар боюнча кабыл алган токтомуна негизделгенин кабарлады.
Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп таапкан, былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен, Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берген. Ага чейин болсо Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, бирок Бишкек шаардык соту актаган болчу.  Бул иш Жогорку Сотто каралып, акыркы инстанция депутаттардын 3-октябрдагы кадамдарын бийликти басып алууга болгон аракет жасады деп таап, жаза берүү чечимин кабыл алган.
Ал эми «Ата-Журттун» соттолгон депутаттарынын бири Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин саясый буйрук катары баалап  чыкты.
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Садыр Жапаровдун пикирине кошулбайт. Анын айтымында, БШКнын чечими мыйзамдын негизиндеги иш болду. «Бул мыйзамдуу эле иш, анын айланасында пиар кылуунун кереги жок. Алардын иши соттун үч инстанциясынан тең өттү. Мыйзамга ылайык бардыгы өзүнүн катары менен эле келатат. үч депутат тең башынан эле «бизге карата саясый куугунтук» болуп атат дешип ызы-чуу кылып келишти. Анан шаардык сот аларды актаган чечимин чыгарганда «Бизде сот адилеттүүлүгү бар экен, президентибиз да кийлигишкен жок» деп чыгышты. Кайра Жогорку Сот алардын ишин карап, күнөөлүү деп тапса, саясый заказ болуп калды дешти. Айтор, өздөрүнүн сөздөрүнө өздөрү каршы пикирлерин билдирип алышты. Ал эми борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Соттун чечимин аткарбаска айласы жок. Ала рөз алдынча чечим чыгарышпайт. Жогорку Сот аларды күнөөлүү деп тапкандан кийин мыйзам боюнча аларды депутаттык мандаттарынан ажыратыш керек болгон, ажыратышты» дейт Жекшеев.
Жогорку Соттун чечими – акыркы чечим. БШК алардын чечимин аткарууга милдеттүү.Мыйзам баарына бирдей болуш керек. БШК бул депутаттардын мандатын албаса, анда мыйзам бузууга жол бермек. Анан дагы коомчулук үчүн «депутат болсоң бардык кылмышты кылсаң да боло береби?» деген нааразы пикир пайда болмок. Анткени, бул үч депутаттын былтыры 3-октябрдагы митингдеги жоругун элдин баары теледен көөрдү. Чыңгызхан болгусу келген Камчыбек Ташиев баарын бийликти басып алууга чакырып, үч депутат өзү баш болуп Акүйдүн темир тосмосунан ашып түшкөн видео тасмаларды кайда катабыз? Эртең элдин баары ошол тосмодон ашып түшүүнү модага айлантып алсачы?
Экономисттердин баамында, дал ошол 3-октябрдагы митингдин экономикабызга түздөн түз кесепети тийди. Тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында,  Садыр Жапаров башында туруп, уюшулган митинг Кыргызстандын экономикасына өтө чоң зыян алып келди. «Биз өзүбүздүн 1 миллиард 400 миллионго бааланган активди жоготтук. Көптөгөн тоо-кен өндүрүшүнө келе турган инвесторлор келбей калды. Болжол менен 300—400 миллионго бааланган инвестиция бизге далысын салып кетти. Мына ушундай катачылыктарды кетиргендерин көрүп-билип туруп, кечирим сурагандын ордуна кайрадан эле өздөрүнүн аракетин жасап жаткандары алардын саясый сокурлугун көргөзүп турат. Андыктан алардын депутаттык мандатын алуу чечими дагы туура чечим болду. Мамлекет ушундай катачылыктарга мындан ары дагы катуу чара көрүшү керек» дейт Дүйшеев.
Жогорку Соттун, БШКнын бул чечимин саясый буйрук деп төш кагуунун кереги жок экенин коомчулук жакшы көрүп турат. Бул депутаттын жазага тартылышы, мандатынын алынышы өздөрүнө да, башка депутаттарга да, саясый күчтөргө да сабак болушу керек. Өзүң мыйзамдуулук тууралуу сүйлөп атасыңбы, анда эң оболу мыйзамды сыйла, ошондо гана башкалар сени да сыйлайт. Колуң менен жасадыңбы, мойнуң менен жоопкерчиликти тартууну да үйрөнүшүң керек. Демократия деген ошол. Саясый буйрук дегендин ордуна бул депутаттар өздөрүнүн катачылыктарына туура баа берип, кийинки шайлоого камданышса туура кадам болмок.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru