Айбат » Ата-мекенчилер асманды да талашабы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ата-мекенчилер асманды да талашабы

самолет

Ушул тапта кыргыз жарандык авиациясынын “креслосунан”  шыпырылып түшкөн А. Жумабаев (ата мекенчи Эркин Алымбековдун бир тууган иниси) Транспорт жана коммуникациялар минстрлигинин стат-катчысы М. Дыйканбаев менен тил табыша албай жатып, кызматынан шыпырылдыбы деген суроо туулат? Же өзүм билемдик менен менчик “Кыргыз Эйр” компаниясын ача салып ошого жан тартып, башка мамлекеттер менен келишимге кол коё салып минстрлик менен акылдашпай туруп бара салганбы? Кыргыз Эйр компаниясы бул компанияга кирешелүү каттамдарды өзү билемдик менен берип койду. Бул каттамдар Москва Стамбул жеке менчик авиакомпаниялар. Бул каттамдарды алыш үчүн жылдап ички каттамдарды аткарып ала албай жүргөн Авиатрафик “Эйр Бишкек” деген жеке менчик авиакомпаниялар бардык күч аракетин жумшап ала албай келишет, а жаңы ачылган “Кыргыз Эйр” деген авиакомпнаиянын учактары жок туруп кирешелүү каттамдарды алып алышын текшербей күч органдары кайда жүрүшөт. Айтор, жумуштан кетип аталган компания менен камыр жумур иштешип атабы? Катарында вице-премьер министр Ж. Оторбаев, И. Гусаровдор бар экени айтылууда. Балким булардын деле ою жакшыдыр каттамдар ачылып  киреше кирип турса жаман эместир бирок арты барып эле кооросунда “учагы” жок туруп учабыз дегени. Кайра эле башкалар менен соодалашып калып жатышпайбы. Ушуга эле улай Кыргызстанда кен байлыктарды иштетебиз деген компаниялар лицензияларды арзан алып алышып кайра эле Вашингтон, Кытайда сатып жүрүшпөйбү. Астыларында “ат арабасы” жок анан эле кен казып иштетет элек деп. Тоо-кен тармагында ушул абалга келип такалат да жалаң эле бири-бирине соодалашып жибермей. Кыргызстан качан оңолот?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru