Айбат » «Бүткүл Кыргызстанга» жашынган Нургожоевичтин амалы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Бүткүл Кыргызстанга» жашынган Нургожоевичтин амалы

Жапаров Садыр

БШК тарабынан депутаттык мандатынан ажыраган «ата журтчу» Садыр Жапаров тактикасын өзгөрттү. Ал «Бүткүл Кыргызстан» аталыштагы жаштар партиясы аркылуу 24-августта Соң-Көлдө курултай өткөрмөкчү. Курултайда мамлекетибиздеги кырдаал, кадрдык дайындоолордогу алешемдиктер жана айта берип ашмалтайы чыккан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу сыяктуу маселелер талкууланат. Коомчулук муну Садыр Нургожоевичтин жаштарды курал катары пайдалануу аракети сыпатында баалашууда.

Соң-Көлдө өтүүчү курултайды Садыр Жапаров уюштуруп жатканын бир факты далилдейт. Курултайдын уюштуруучуларынын бири, «Кутман жол» коомдук бирикмесинин лидери Эрлан Өмүралиев Жапаровдун айтканынан чыкпаган кол баласы экенин тар чөйрө жакшы билет. Анын акылы менен «Кутман жолду» түзө салганы да маалым. Эрлан курултайга келүүчү адамдарды жыйнап жүргөнүнөн да кабардарбыз. Ошол эле учурда Садыр мырза өзү курултайга катышарын расмий билдирди. Бул эки көрүнүш Садыр Жапаровдун жаштарды кол жоолуктай пайдаланып, күзгү күрөшкө даярданып жатканынан кабар берет. Мындай ойду ЖК депутаты Дамира Ниязалиева дагы «Азаттык» радиосуна курган маегинде бекемдеген. «Бизге курултайга чакыруу түшкөн жок. Саясатчылар жаштарды күзгү саясый күрөштөргө пайдаланууну көздөп жатышат» дейт Дамира айым.

24-августка мерчемделген курултайдын башкы уюштуруучу С.Жапаров экендигин дагы бир көрүнүш ырастайт. «Кумтөрдү» иштеткен инвесторлорду бир жактуу каралаган, 15 миң нускада чыккан гезиттин «заказчиги» С.Жапаров экендигин ишенимдүү булагыбыздан кабарлашты. Ошол гезит курултайдын катышчууларына бекер таратылмакчы. Ал эми 15 миң нускада гезитке жана курултайга катышкандарга союлучу жандыктар, тамак-ашка кеткен чыгымдар жана 30 боз үйгө сарпталчу каражатты аты-жыты белгисиз «Бүткүл Кыргызстан» жабат дегенге бешиктеги бала деле ишенбейт. «Кумтөр» дегенде эле Жапаровдун жыты «бур-р» эте жыттанып турбайбы…

 Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru