Айбат » Равшан Жээнбеков Госдептин тыңчысыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков Госдептин тыңчысыбы?

Жээнбеков Равшан

«Ата Мекен» фракциясынан бөлүнүп калган депутат Равшан Жээнбеков атасынын гезитине маек бериптир. Популисттиги коомчулук үчүн жаңылык деле эмес, бирок «Ууруну кармагыла деп кыйкырып, ууру жүрсө» жөн тура албайт экенсиң. «Учуру келгенде айтпаса сөз атасы өлөт» дечү беле?

Равшан Жээнбеков бир катар ө зүнүн сөздөрүнө каршы келген, логикага сыйбаган пикирлерди билдириптир. Анын айтымында, үч депутаттын мандаттарынын алынышы мыйзамсыз көрүнүш экен дагы, бул аракет саясый буйруктун негизинде жүрүп атыптыр. Эми жакшылап баамдап көрүңүз. Равшан Жээнбеков Бакиевдин учурунда АКШга качып кетип, ошол жактан окуган адам экени маалым. Ал дайыма өз сөзүндө демократиялык принциптерди карманган адам экенин далилдегиси келет? Дал ошол Жээнбеков туу туткан АКШда ушул биздин «Ата-Журтчу» үч депутатыбыздай болуп акүйдүн тосмосунан өтүп, бийликти басып алууга аракет жасаганы үчүн кандай жаза берилмек эле? Айтмакчы, кандай гана маселе болбосун АКШнын кызыкчылыгы үчүн сүйлөп келгени да жөн жерден эмес экен, Жээнбековго АКШнын мамдепартаменти атайын тапшырмаларды берип турарын, ал муну кынтыксыз аткарып турары тууралуу маалымат бар. Мындай адамдар акча, бийлик үчүн энесин да сатып кетет.

Анан дагы бул депутаттын Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовдорду капысынан эле колдоп чыкканына таң каласың. Анткени, өткөн жылдары«Республиканын» лидери Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште мушташа кетип, бети-башын канжалаганда ушул эле Равшан Жээнбеков бул ишти уят иш катары баалап, «Ташиевдин саясый карьерасы ушуну менен бүттү, ал саясый өлүк» деген сыяктуу комментарий берип, тамшанып айтып жүрбөдү беле? Анан ошол саясый өлүк менен азыр өнөктөш болуп жатабы? Бетине карап күлүп, артынан шыбаган «достук мамиле» түзүү – Равшан Жээнбековго мүнөздүү экен да?

Же балким, азыркы учурда депутатсыңбы, башкасыңбы, ага карабай, кылган кылмыштары үчүн четинен жообун алып атышканынан чочулап атабы? Мага да кезек келип калса кантем деп. Анткени, Акаевдин тушунда Майрам апчесинин этегине жабышып Мамлекеттик мүлк кызматына барып, баарын приватташтырып жок кылганын Равшан өзү да, коомчулук да жакшы билет эмеспи. Башкасын айтпасак да, “Асыл-Таш” пансионатын Равшан ит бекер баага менчиктеп, бүгүн миллиондорду айлантып атканын эч ким чукуган жок да. Андан башка менчиктештирген мүлктөрүн санабай эле туралык.

Бардык бийликти Алмазбек Атамбаев өз колуна топтоп алды деп билдиргенине жол болсун. Ар башка көз караштагы 5 фракциядан, андан сырткары фракциясынан бөлүнүп кеткен дагы башка көз караштардагы Равшан Жээнбеков сыяктуу депутаттардан турган парламент бийлик жүргүзүп атканын ал көрбөйбү? Же жөн гана атасынын ыкмасы менен бийликке жеткиси келип атабы? Атасы Бабыр Жээнбеков деле кызматтан кур калганда КГБ (Кыргыз гезиттер биримдиги) деп түзүп алып, «биз бийликке оппозициябыз, мени токтотуу үчүн бийлик мага кызмат сунуш кылып атат, мен кызматка барбайм» деп жарыялап чыкпады беле. Кийинчерээк кайдан-жайдан эле мурунку ээлеген Антимонополдук кызматка барары менен «КГБнын ишин мен мындан ары билбейм» деп ага кызмат гана керек экенин далилдеп бергени маалым. «Атасын көрүп уулу өсөт» дейт кыргызда, балким, Равшан Жээнбеков да «эптеп кыйкырып турайын, бир пайдасы болуп калар» деп аткан сыягы.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru