Айбат » Акча бар жерде адамкерчилик “лезгинка” бийлейт же БШК башчысы тууралуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акча бар жерде адамкерчилик “лезгинка” бийлейт же БШК башчысы тууралуу

Туйгунаалы Абдраимов

БШКны “былчыйта”  басып турган “бышыкычы” Туйгунаалы Абдыраимов Ысык-Атада баласынын окуясына катуу киришти дейсиң… Бул маселени жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан чечиле  турган маселе болчу, баласы үчүн абдан билекти түрүнө киришип, №1  Убактылуу кармоочу жайына Жанарбек Төлбашиев деген жаранды эки айга каматууга жетишти. Бул эмнени каңкуулап турат? Албетте, өзүн “хан” сезип алганын, кызмат абалынан кыянаттык менен мамиле кылганын сокур киши деле көрүп турат. Туйгунаалы мырзаны дарыгерликтен депутаттыкка чейин өз эли колдоп-коштоп, ушул бийиктикке чейин көтөрүп чыкканын ким тана алат. Мына ошол элине кайрадан каршы чыгып, баласы үчүн өз элине зулумдук кылып жатканы адамкерчиликке жатпас. Же баласы Казаттын буту-колу сынып, же майып болбосо… Же Алла-Тааладан улук болуп кеткенби дейсиң… “Сүф” деп, эмнени кааласа ошону жасагыдай… Болбосо баласы куландан соо эле жүрбөйбү…  Туйгунаалы Кореяда элчи болуп жашырынып отурганда 7-апрелде Ысык-Атанын балдары Ала-Тоо аянтына коркпостон чыгып, Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, кандуу окуядан коркпогон эр азаматтар “бышыкычынын” баласынан коркуп калат беле?

7-сентябрь күнү Ысык-Атанын атту-баштуулары атайын жыйын, спорттук иш-чара өткөрүп БШКнын анабашчысын кылыктарын ортого салмай болуптур.  Акча бар жерде адамкерчилик “лезгинка” бийлейт деген заманбап кеп, дал ушул Туйгунаалыга тиешелүү болуп калбасын, ыя!

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru