Айбат » Ити деле, бити деле Курултай өткөрүп атып, бул сөздүн кадырын кетиришти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ити деле, бити деле Курултай өткөрүп атып, бул сөздүн кадырын кетиришти

124-августта оппозиция Соң-Көлдө Курултай өткөргөнү турат. Курултайдын уюштуруучулары катары «Ата-Журттун» мандатынан ажырап калган депутаты Садыр Жапаров, «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов жана «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров аталууда.
Баетов айылынын тургундарынын айтымында, бул айылда Садыр Жапаровдун жардамчысы Э.Өмүралиев курултайга үгүт иштерин жүргүзгөн. Ал эми Аликбек Жекшенкулов Кочкор айылынан элди топтоп барууну убада кылганы тууралуу маалымат бар.
Уюштуруучулардын айтымында, Курултайда коомдук-саясый кырдаал, кадрдагы башаламандык, Кумтөр маселелери талкууга алынат. Эгерде чынында эле талкууга ала турган маселе болуп, саясый кырдаал оор болсо эл өзү эле чогулуп бермек. Анда эмнеге Курултайдын уюштуруучулары 30 бозүй тигилип, эт-чык тартыларын, оюн-зоок менен коштолорун айтып рекламалап жүрүшөт? Мындай шаан-шөкөттү өткөрүүгө кайдан каражат табылды?
Андан көрө Садыр Жапаров «Мен мандатымдан кол жууган үчүн уюштуруп атам» деп, ал эми Аликбек Жекшенкулов менен Кубаныч Кадыровдор «Бизге деле кызмат бергиле» деп ачык эле айтышпайбы? Курултай өткөрүүгө оңой эмес акча кетери бышык, ал каражатты андан көрө бир айылга мектеп, же оорукана салып беришпейби, же ооруканага керек жабдык сатып беришпейби? Ошондой пайдалуу иш жасаса, эл мындай саясатчыларды өзү эле колдоп чыкпайт беле?
Акыркы учурда ити деле, бити деле Курултай өткөрүп атып, бул сөздүн кадырын деле кетиришти. Анткени, алар талкуулайбыз деп аткан маселелерге тынчсызданууга негиз жок, саясый-экономикалык кырдаал, Кудайга шүгүр, стабилдүү, Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Аты аталган саясатчылар кызматка келбей калса эле кадрдык башаламандык болуп калмак беле?
Курултайдан кийин «Ата-Журт» фракциясы митинг өткөрүүнү да пландап жатат. 13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны өткөндөн кийин митингди баштаарын аталган партиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru