Айбат » Соң-Көлдө боло турган жаштар курултайына баягы эле «аксакал» саясатчылар барышабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Соң-Көлдө боло турган жаштар курултайына баягы эле «аксакал» саясатчылар барышабы?

Соң-КөлБийлик кумарына азгырылгандарга айла жок экен. Акыркы жылдары бийлик үчүн күрөшүүнүн түрдүүжаңы ыкмалары пайда болду. Маселен, баатыр энелерди алдыга салып алып, аркасынан акмалап иш кылуу саясатын айтсак болот. «Төбөңөрдөн бир тал чач түшпөйт, эгер түшүп калса, өлбөгөн жерде калабыз» деп көкүтүп, өздөрү микрофон кармап гана тургандарын канча көрдүк? Бопбош көкүрөктөрүменен курулай гана кыйкырганды сүйгөн саясатчылардын кебине алданып, кыргыздын аялзаты көчөгө чыгып кыйкырып калды. Болбосо, кыргыз эли аялзатын өтө аруу кармаган, өздөрүнүн арам ойлору үчүн эч качан аялзатын алдыга салып айдактап алган эмес эле. Заманаң түшкүр түрдүү нукка бурулуп, бригадирдин деңгээлинен өйдө көтөрүлө албагандар эл башчысы болгусу келип, андай максаттарына аялзатынын этегине эрмешип жетүүнү көздөп… Айтор билегинде күчү бар болгону менен билими тайкы, көөдөнү сокур саясатчылар арбып кетти. Эми болсо ансыз да Кыргыз өкмөтүканадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан «Кумтөр» маселесин колдорунан түшүрбөй , 24-августта Соң-Көлдө жаштар курултайын өткөрөбүз деп чыгышты оппозиция. Ырасын айтканда бул курултайдын аты эле жаштар курултайы болбосо, аны уюштуруп жаткандар баягы эле карт бөрүгөайланган, бакылдоо менен тосмодон секиргенди, секирткенди гана билген саясатчылар экендиги ачык эле билинип калды. Мындан улам бийликке жетүүнүн дагы бир ыкмасы пайда болгондугун баамдасак болот. Маселен, азыр Садыр Жапаров деген ысымды укканда айрымдарынын көңүлүайный тургандай болуп калды. Андыктан бул курултайды Жапаров уюштуруп жатыптыр дешсе, «Аа Жапаров дагы эски пластинкасын коет турбайбы, «фонограмма ырдайт» болуш керек» деп көңүл кош мамиле жасап коюшат. Ал эми «Жаштар курултайы» болот деп айтышса, буга көңүл бурулушу мүмкүн. Ошондуктан муну Садыр Жапаровдун жаңы саясый тактикасы деп баалай берсек болот. Чындыгында Соң-Көл жайлоосунда өтө турган курултайдын 30 пайыз убактысын Садыр Жапаров өзүтолук ээлейт. Ба-аягы эле 3-октябрда айткан сөздөрүн айтат. Бийликти «сай-сөөгү сыздап» сындайт. Жогорку Сот аларды «бийликтин заказы» менен соттоп жибергенин, БШК да «Ак үйдүн заказын» аткарды деп «бышактайт». Анан кайра эсине келип, «Кумтөр элдики! Аны улутташтырыш керек» деп кыйкырат. Андан кийин өздөрү толук даярдап койгон 2-3 жаш баланы бийликти ашаттыра сүйлөтүп коюшат. Болду, андан башка жаңылык деле болбойт. Садыр Жапаровдун сценарийи ушундай. Бирок, азыртадан эле бул курултайдын негизги максаты жаштарды чогултуп, ой бөүлүшүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сунуш-пикирлерди айтуу болбостугун түшүнгөн жаштар курултайга баруудан баш тарта баштагандары белгилүү болду. Маселен, Нарын облусунун Жумгал районунун жаштары Соң-Көл жайлоосунда өтө турган жаштар курултайына барышпай турушкандарын билдиришти. Тактап айтканда 21-август күнү Жумгал районундагы жаштар борборунда райондун жаштары менен жаштар мене ниш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн кезектеги жыйыны болу пөтүп, анда бир ооздон Соэ-Көлдөгү курултайга барбоо тууралуу пикирге келишти. Мындан тышкары Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-башы, Кочкор жана Нарын райондорунун жаш активисттери Жумгал районунун жаштары менен бирге эле аталган курултайга баруудан баш тартышууда. «Кезекте өтөтурган жаштар курултайы, кандайдыр бир саясаттык тартиптеби же бир катар партиянын жаштар канаты уюштуруп жаткан өндүү так маалыматтар берилбей жатат. Айыл жеринде бош жүргөн жаштарыбыз саясий оюндун курмандыгы болбошу үчүн биз бул кадамдарга барбайбыз. Жаштар курултайы дегени менен анда жаштардын маселеси талкууланбай, саясий темада ой жүгүртүүлөркамтылат экен. Биз ошондуктан бул курултайга барбоону чечтик», – дейт жаш активист Нуркан Асейнов. Мындан улам Садыр Жапаровдун бийликке каршы күрөшүнүн жаң тактикасы пайда болбой жатып «жайрап» калгансыды. Бул курултайга жаштар барбагандан кийин ба-аягы эле эски саясый «ырчылардын» «ырын» укканда эмне пайда? Алар эмне деп ырдай тургандыктарын бара электе эле билип турбайлыбы?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru