Айбат » Азыркы оппозицияны улуу идеялар эмес, кызмат жана мансап деген дарт бириктирип турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азыркы оппозицияны улуу идеялар эмес, кызмат жана мансап деген дарт бириктирип турат

оппозиция

Кыргызстандагы оппозиция күзүндө биригерин жана массалык нааразычылык акцияларын өткөрүшөрүн билдиришүүдө. Алар нааразычылык билдирген себептеринин негизгиси бийликтин жүргүзгөн кадр саясаты экен.

Ушундай дооматты айтып аткан оппозиция бийлик өзүнүн тегерегине көңүл сыртында калган чыныгы кесипкөйлөрдү, калк арасында кадыры зор инсандарды эмнеге чогултпайт деген доомат артууда. Өздөрүн ошондой адам сезет окшойт.

Ал эми азыр болсо мен оппозициямын дегендерди карасаң, эл арасында аброюн кетирген, кызматтан шыпырылганда эле оппозицияга өтө качкандар экени калппы? Баары кресло мингиси келет, бирок мамлекеттик кызмат баарына жетпейт дв? Анан дагы баарынын көкүрөгү көктө.

Оппозиция лидерлеринин бири – Акматбек Келдибеков. Премьер-министр, президент болгусу келет.

Камчыбек Ташиев дагы президент гана болгусу келет экен, жөнөкөй министрлик кызматты теңсинбейт.

Бул эки достун талашканы да ошол. Атыла элек аюнун талпагын талашып, ортосу сууп калган. «Президенттик шайлоодо мен чыгам» деп. Кызмат үчүн достуктан деле кечип жиберишерин булар иш жүзүндө далилдеп беришти. Акматбек Келдибеков президенттик эмес, премьерликке да жарабай турганын өзүнүн эле партиялаш досу Садыр Жапаров өткөндө «Азаттыкка» маек берип аткан учурда айтып салбадыбы. «Колу булганбаган, таза адам өкмөт башына келиш керек. Келдибеков андай эмес» деп. Анткени, ал Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган учурда кандай коррупцияга малынганын анын иши боюнча түзүлгөн комиссия ачыктап чыкпады беле? Ал эми Камчыбек Ташиевдин президент боло турган деңгээли барбы? Анын Акүйдүн тосмосунан ашып өтөм деп, шымын айрып, көчүгүнө шиш сайылганын «Мага ок тийди!» деп жарыялаганын Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү көрбөдүбү? Анан ушундай адам Кыргызстанды жетектесе шерменде болбойбузбу?

Президент гана болом дегендердин катарында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да бар. Бул киши да катардагы кызматка барып, эл үчүн иштегиси келбейт. Көкүрөгү көктө. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында анын партиясы Баткен облусу боюнча көп добуш алган экен, ушуга негиздеп бул аймакка кызмат кылуу сунушу түшсө, Баткен облусунун губернаторлук кызматынан баш тартканы белгилүү. Патриотмун деп төшүн каккылаганы чын болсо, улам чек арада чыр чыгып аткан Баткенге барып кызмат кылып бербейт беле?

Оппозициянын анабашчыларынын бири – Азимбек Бекназаров. Бул кишинин самаганы Башпрокуратура, же Жогорку Соттун төрагалыгы. Кыргызстанда эки жолу революция болгон болсо, экөөнөн кийин тең Бекназаров дал ушул тармактарга көзөмөл жасап, кырдаалдан пайдаланып, бир топ эле байып алууга жетишти. Бакиевдик айрым сүткор аткаминерлерди «крышевать» эткенге да жетишти. Албетте, курулай рахмат үчүн эмес. Ошол кезден бери чөнтөгү жукарып калдыбы, айтор, кайра үчүнчү революцияны эңсеген сөздөрүн айта баштады. Кайра кырдаалдан пайдаланып, капчыгын кампайтып алгысы барбы? Анан ушундай адамды кантип кызматка коесуң?

Булардын катарында «Акыйкат» партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов дагы бар. Бул киши жөнөкөй министр болгусу келбейт, вице-премьер-министр гана болом дейт.

Өзүн оппозицияга кошуп жүргөн дагы бир саясатчы Кубаныч Кадыров убагында ИИМдин орун басарлыгына барганын баарыбыз билебиз. Бирок, ал жерде жөн иштеп, кесипкөйлүгүн көрсөтүүнүн ордуна ишкерлерге салык салып, жеке кызыкчылыгы үчүн иштегени тууралуу маалыматтар чыккан. Эми да самаганы ошол – ИИМге министр болуп баргысы келет. Кайра чөнтөгүн толтуруу үчүн.

Кыскасы, оппозиция эң оболу өздөрүнүн амбицияларын ооздуктаганды үйрөнүшү керек. Амбициясын тыя албаган бул саясатчылар эптеп эле бийликти сындап, ызы-чуу чыгарып, жаза тайып бийлик кетип калса, чоңураак кызматка отурамбы деп аракет көрүп аткан кези. Мамлекеттин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы деген булар үчүн бир тыйынчалык эмес экен.

Сунуштаган кызматты өз деңгээлинен төмөн көргөн, амбициялары аттын башындай болгон оппозиция “лидерлери” мынтип отурса, эч качан бириге албайт. Анткени ар биринин кыялы көккө алып учуруп, “мен-мен” деген менменсиген ооруга кабылгандары өз ара чырдын башаты болоорун унутушпасын.

Акаев, Бакиевдин учурундагы оппозицияны идея бириктирген, а булардычы? Кызмат жана мансап деген дарт бириктирип турат. Ал эми мындай көз караштар эч качан жеңишке алып келбей турганын арасында акылы барлары түшүнөр.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru