Айбат » Күпүлдөк Камчыбек Жолдошбаев депутаттыкты сагынып, чамынып жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күпүлдөк Камчыбек Жолдошбаев депутаттыкты сагынып, чамынып жатабы?

Жолдошбаев Камчыбек“Атбашынын моңолдор менен чериктерин” акчага сатып алам деп күпүлдөп  чыга калып, депутаттыкка илинбей калган күпүлдөк Камчыбек  Жолдошбаев  шайлоо  сайын эле ар кайсы партиялардын чачпагын көтөрүп калганы жалпы журтка жакшы маалым. Ат-Башыны сатып алмакчы болгон Камчыбек  агабыз  Ат-Башыдан депутат болуп келип эле анан”Туран”париясынан ат салышып , ”Акшумкардын” сьездерине катышып, лидеринин туулган күндөрүнө чейин бара калган адат таап алган. Муну  бийликке жагынуу жолу менен келүүнүн жолу катары баалап, ар дайым ушул тактиканы колдонуп келгени бештен белгилүү экени саясий чөйрөдө айтылып, ооздон-оозго өткөн лакапка айланган. Бул тактикасынын арты менен  шаардык шайлоодо “Ата-Мекендин” лидерин чакыра салып өзүн жакшы эле пиар кылууга жетишем деди, болбоду. Жалпыга маалымдоо каражаттарына  жалаяктай маектерди берип турду. Андан да шайлоо сайын Кудай берген Кара-Кечеден көмүр ташып бекер тарката салып, өзүнө саясий упай топтоо менен алектенип дагы жүрдү,  Беш-Сарыдан “беш каптан”.   Баягы ЖоКедеги креслосун кайрадан сагынган Жолдошбаев мырза эптеп элге көрүнгүсү келгенби, айтор,  жыйын өткөрө салып  “Тагай бий” коомдук уюм түзө салып, ага  төрөга болуп,  саясатка катышууга бел байлаганы айтылууда.  Дал ушул маалда бийликке жетүү үчүн бийлик менен же оппозиция менен соодалашууга бараарын билбей баш катырып, айрым бир өзүнө окшогон саны бар бирок сапаты жок достору менен кеңешип жүргөнүн эшиттик.  Саясаттагы “бакмаларын” багып жүргөн Кара-Кечесинен Нурлан Мотуев  тоо ашыра кубалап чыккандан соң, шаабайы сууп калганы маалым. Ушундан улам Мотуев эрдик кылганбы деп дагы кетесиң…

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru