Айбат » Мандаттарынан айрылган депутаттардын ордуна тизмек боюнча кийинкилери келишет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мандаттарынан айрылган депутаттардын ордуна тизмек боюнча кийинкилери келишет

креслоМандатынан айрылган “Ата Журт” фракциясынын Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун ордуна тизмек боюнча кийинки турган депутаттар келишет. Бул тууралуу “ВБ”га экс-спикер Акматбек Келдибеков билдирди.

Партиялык тизмекке ылайык кийинки орундарда Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков жана Бакыт Шаршеев турат. Депутаттын айтканына караганда, партия, тизмекти өзгөрүүсүз калтырып, соттолуп кеткен атажуртчулардын ордуна жогоруда аталгандарды дайындоону чечти.

Эске салсак, 6-августта жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин колдоп, 2012-жылдын 3-октябрындагы митинг учурунда, бийликти күч колдонуп басып алууга “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү аракет кылгандыгы үчүн күнөлүү деп тапты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229502



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru