Айбат » Бишкек көчөлөрүнөн ок чыгарган адам кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек көчөлөрүнөн ок чыгарган адам кармалды

лексусБишкекте “Лексус” автоунаасында бара жатып ок чыгарган адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 00.40 чамасында Чүй проспекттинен Бишкек жылуулук электр борборунун жанынан кара түстөгү автоунаа менен келе жаткан адамдар ок чыгаргандыгы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн

Окуя катталган жерге укук коргоо кызматкерлери келип 34 жаштагы Бишкек тургунун колго түшүргөн. Анын унаасын текшерүүгө алган учурда МР-471 үлгүсүндөгү газ жана Blow Compact үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru