Айбат » Ысык-Көлдүн айрым аймактарында чума оорусуна байланыштуу карантиндик посттор коюлуп, жол каттамдары жабылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ысык-Көлдүн айрым аймактарында чума оорусуна байланыштуу карантиндик посттор коюлуп, жол каттамдары жабылды

карантинЫсык-Көл облусунун Ичке-Жергез айылынын 15 жаштагы тургуну чума оорусунан каза болгонуна байланыштуу Оттук айылына баруучу жолдо, Башарын жайлоосунда жана Ичке-Жергез айылында карантиндик посттор коюлуп, жол каттамы жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Дарыгерлер Ичке-Жергез айылынын 758 жашоочусун текшерүүдөн өткөрүштү, башка оорулуулар катталган жок. Каза болгон адам менен байланышта болгон Ичке-Жергез айылынын 17 тургуну райондук оорукананын жугуштуу оруулар бөлүмүнө жаткырылып, башкалардан бөлөк бөлмөдө жатышат. Мындан сырткары ооруканада каза болгон адам менен байланышта болгон 88 адам (хирургия бөлүмүнөн 70 адам, жандандыруу бөлүмчөсүнөн 13 адам жана  кабыл алуу бөлүмүнөн 5 адам) ооруканага жаткырылып, башкалардан бөлүп коюлган (изоляцияланган). Айта кетсек, 22-августта 15 жаштагы Темирбек оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактай алышкан эмес. Маркум Оттук капчыгайында суурдун этинен шишкебек жасап жеп, жыйынтыгында чума оорусун жуктуруп алганы белгилүү болгон.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru