Айбат » Иса Өмүркулов: Бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Иса Өмүркулов: Бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

иса омуркулов“Шаардагы бак-дарактарды дарылоого 15 млн сом бөлүнгөн, бул каражат аздык кылат”. Мындай пикирин бүгүн, 27-августта калаа башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бак-дарактар тегиз дарыланып бүткөн.

“Техника жете албаган айрым тилкелерде гана дарыланбаган бактар калышы мүмкүн. Адистердин айтымында, дарылоо өз натыйжасын берүүдө”,- дейт шаар башчысы.

Ошону менен бирге Өмүркулов, зыянкечтерди толугу менен жок кылдык деп айтуудан алыс экендигин билдирет.

“Бул багытта комплекстүү иш-чараларды аткаруу зарыл. Шаардагы бак-дарактарды дарылоо менен гана чектелбестен, Чүй облусунда да дарылоо иштерин жүргүзүү маанилүү “,- дейт Өмүркулов.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229605




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru