Айбат » Сентябрь айында “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” аттуу акция болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сентябрь айында “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” аттуу акция болот

эгемберди эрматов23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” аттуу акция өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов билдирди. Айтымында, 1-сентябрдан 30-сентябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында болуучу бул иш-чарага Кыргызстандын бардык жарандары катыша алат. Акция мамлекеттик тилдин конституциялык макамын көтөрүү, социалдык, коомдук маанисин жогорулатуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштарды кыргыз тилинин кызыкчылыгын коргоого тарбиялоо максатында өткөрүлөт. “Акциянын жүрүшүндө коомдук тамактануу, оюн-зоок жайларында, соода борборлорунда, базарларда тейлөө кызматтары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кыргыз тилиндеги музыкалар жаңырууга тийиш. Ал эми мекеме, уюмдарда жыйындар, чогулуштар жана башка иш чаралар кыргыз тилинде өтүп, иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик тил күнүнө карата жыйындар, семинарлар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү”,- деди Эрматов. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыгы октябрь айынын аягында чыгарылып, жигердүү катышуучулар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриясы тарабынан белектер менен сыйланышары айтылды.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru