Айбат » Ысык-Көл. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын фестивалы өтүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ысык-Көл. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын фестивалы өтүүдө

ИНВАЛИДКаракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын “Жашоо чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр” аттуу фестивалы өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өгөйлөп мамиле кылууну жок кылуу. Иш-чарага облус башчы Эмил Каптагаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай белек тапшырышты. Фестиваль 3 багытта өтүүдө, алар: эстрада, фольклор жана бий. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана Орусиядан келген ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар катышууда. Эске сала кетсек, фестиваль эки күнгө созулуп, жеңүүчүлөр эртең  28-августта аныкталат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru