Айбат » Аламүдүн районунда Сибирь жарасы менен ооруп 1 жаран ооруканага жаткырылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аламүдүн районунда Сибирь жарасы менен ооруп 1 жаран ооруканага жаткырылды

Сибирская язваАламүдүн районунун Кырман жайы конушунда Сибирь жарасы катталып, бир жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Улукбек Упенов бизге билдирди. Айтымында, 19-августта Нарын облусунан Сибирь жарасы менен ооруган киши ооруканага жаткандыгы, ал Бишкектен келгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча атайын топ түзүлүп, Сибирь жарасынын очогун табуу аракети көрүлгөн. Натыйжада 8-августта Бишкекке жакын жайгашкан аталган конуштун жашоочуларынын биринин торпогу өлүп калгандыгы, анын ээси аялынын айтканына карабай, малды сойгону белгилүү болгон.

 

Өлгөн торпоктун ээси түшүнүк кат жазып жаткан учурда 3 ири мүйүздүү малына жана 6 майда жандыгына сибирь жарасына каршы дары сайылгандыгын жана өлгөн торпоктун этин эч ким колдонбогонун жазган. Бирок, мал ээсинин үйүндөгү муздаткычтан 40 килограмм эт табылган. Алынган этти текшергенде Сибирь жарасын козгоочулар бар болуп чыккан.

 

Учурда Аламүдүн райондук администрациясы тарабынан карантин жарыяланып, мал өлгөн жана союлган жерлер дезинфекцияланган. Ошондой эле ал жакта жашагандардын 56 майда жандыктарына, 20 ири мүйүздүү малына жана 2 атына атайын дарылар сайылган. Учурда торпоктун калган эти кайда экендиги такталууда.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru