Айбат » Дарыгерлердин айтуусунда кара тумоого чалдыккан дагы башка адамдар бар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Дарыгерлердин айтуусунда кара тумоого чалдыккан дагы башка адамдар бар

врачКара тумоо илдетинен улам каза болгон өспүрүм менен байланышкан адамдардын биринин дароо температурасы жогорулаган.Дарыгерлер кара тумоодон көз жумган бала менен байланышкан жергиликтүү тургун бул ооруну жуктуруп алган деп шек санашууда. Учурда ал бейтаптын температурасы жогорулап, ооруканада текшерүүдөн өтүүдө. Дарыгерлер температура жогорулоо- бул кара тумоонун алгачкы белгилери экендигин айтышат.

Учурда кар тумоо илдетине кабылган деп шектелип жаткан адамды текшерип, диагнозун аныктоо үчүн анализ алынган. Карантин жана тез жугуучу ооруларды алдын алуу боюнча республикалык борбордун кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Каракол шаарынан келип түшкөн маалыматтарга караганда кара тумоодон улам каза болгон бала менен жакындан байланышкан адамдардын саны 135ге жеткен. Учурда алардын саны өсүп, бир нечесинин температуралары жогорулоодо.

Эске салсак, 22-августта Каракол шаардык ооруканасында Ак-суу районунун Ичке-Жергез айылынын тургуну 15-жаштагы Темирбек Исакунов кар тумоодон (бубон чумасы) улам көз жумган. Учурда аны менен жакындан байланыш түзгөн адамдар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. Аталган аймакта 30-августтка чейин карантин жарыяланып, дезинфекцилоо иштери жүрүп жатат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru