Айбат » Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолукту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Саясат » Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолукту

Алмазбек Атамбаев“Мамлекеттик органдар азырынча этностор аралык жана башка маселелерди чечүүдө эскперттик коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатышат”. Мындай пикирин кечээ, 27-августта, Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушуу учурунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.

Президент өлкөдө этностор, конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү саясатын калыптандырууда мамлекеттик органдарды колдоо максатында түзүлгөн Кеңештин маанисин баса белгиледи. Түзүлгөн бир жылдын аралыгында Коомдук эксперттик кеңеш мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара кызматташуусунда маанилүү аспапка айлангандыгын айтып өттү.

“Бул мезгилдин аралыгында ар тараптан таразаланган жана натыйжалуу этностор аралык саясатты жүргүзүүнүн концептуалдык негизин жана базалык инфраструктурасын түзүүгө жетиштик. Кийинки этапта Кенеш туруктуулукту жана элдин биримдигин чыңдоо ишинде мамлекеттик органдарга эксперттик колдоо көрсөткөн иштиктүү институтка айланууга тийиш. Эми кабыл алынган стратегиялык документтерди конкреттүү ишке ашыра турган мезгил келди. Акыркы чакан конфликттер көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар азырынча эксперттердин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатышат. Мурда көнгөн ыкмаларды пайлананышууда”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы этностор аралык мамилелер, дин чөйрөсүндөгү маселелер Кыргызстанда көп жылдар бою топтолуп, эми коом алдына коркунучтарды жаратып жаткандыгын маалымдады.

“Бул маселелер абдан татаал. Аларды кайсы бир мамлекеттик орган жалгыздап чече албайт. Бул маселелерди кеңири олтуруп талкуулоо зарыл. Идеялардын жана сунуштардын атаандашуусу, кызыктар жарандар менен эксперттерди тартуу зарыл. Ошондуктан мен туруктуу иштеген эксперттик кеңешти уюуштуруу демилгесин колдоого алгам”,- деп белгиледи Атамбаев.

Президент эксперттерге аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, бир жыл ичинде кеңеш этностор аралык мамилелер боюнча бир топ маселелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгүн айтып өттү.

“Биз этностор аралык чыр-чатакты көкүтүү, кастыкты тутандыргандыгы үчүн жазанын сөзсүз колдонулушуна жетишүүгө тийишпиз”,-деди мамлекет башчысы.

Президент ошону менен бирге мамлекеттик тил маселесине эксперттердин көңүлүн бурду. Жарлык мамлекеттик тилди колдоого да, кыргызстандыктардын жаңы, көп тилдүү муунун түзүүгө да багытталгандыгына токтолду.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru