Айбат » Ө.Текебаев энергетика тармагындагы коррупцияга күрөш ачканын жарыялады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Ө.Текебаев энергетика тармагындагы коррупцияга күрөш ачканын жарыялады

өмүрбек текебаев

Өмүрбек Текебаев башында турган «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары 26-август күнүЖалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов, депутаттар Бактыбек Калмаматов менен Жоомарт Сапарбаев катышкан жолугушуу жүрүшүндө өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле жергиликтүү калк башынан кечирип жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланды.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Ө.Текебаев шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн энерготармагында орун алган көйгөйлөргө токтолду. «АлексейШиршов менен Сапарбек Балкыбеков Кыргызстанды эбак эле таштап кеткенине карабастан, алар бул тармакка киргизген «күңүрт схемалар» сакталып кала берди, — дейт ал. — Акыркы мезгилде өлкөнүн энергетикалык тармагында алардын мындай схемаларын ишке ашырып, «энергобарондордун» мыйзамсыз ири кирешелерин камсыз кылган «адистер» кайтып келе баштады».

Ошондон улам, Ө.Текебаев Президент тарабынан жарыяланган коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында энергетика тармагындагы күңүр схемаларга каршы күрөш ачуу жаңы парламенттик жылдагы фракция ишинин артыкчылыктуу багыты болуп каларын баса белгиледи.

Поделиться



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru