Айбат » Кыргызстанга кыянатчылык келтиргендер: Жээнбеков, Осмонов…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат, Экономика » Кыргызстанга кыянатчылык келтиргендер: Жээнбеков, Осмонов…

Жээнбеков Равшан

«Кумтөр» алтын кени боюнча Кыргызстанга кыянатчылык келтирип, кыргыз элинин ар-намысын тебелеп-тепсеген 2003—2004-жылдардагы келишим тууралуу кеп салбасак болбой калды. Себеби, ошол мезгилде жаңы келишимге кол коюп, аны айга-күнгө теңеген чиновниктер бүгүн жүзүн өзгөртүп, элге күйүп жаткандай саясат жүргүзө башташты. Алардын көч башында «ата журтчу» Курманбек Осмоновменен «Ата мекен» партиясынан куулуп, эркин депутат атыккан Равшан Жээнбеков турат. Ушундай маалыматтар жакында кыргызстандык телеканалдарда көрсөтүлгөн “Кумтөр алтыны” аттуу документалдык тасмада келтирилди.ф

Алгачкы келишимге ылайык, 2003-жылдын аяк ченинде Кыргызстан «Кумтөргө» толук ээлик кылып калмак. Тилекке каршы, Николай Танаев баштаган өкмөт 2003-жылдын 31-декабрында шашылыш түрдө «Кумтөр долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндөгү» токтом кабыл алып салган. Мына ошонун негизинде «Кыргызалтын» ААКсы жана канадалык инвесторлордун ортосунда жаңы келишим түзүлүп, ага «Кыргызалтындын» жетекчилиги, «Камеко Голд Инк.», «Кумтөр Маунтен Корпорейшин», «Центерра Голд Инк.» ишканасынын жетекчилери кол койгон. Кол коюлуп бүтө электе эле «Кыргызалтын» ишканасынын 7,5 млн. акциясы Торонтодогу фондулук биржага сатыкка коюлган. Жыйынтыгында «Центерра Голд Инк.» Кумтөргө толук көзөмөл жүргүзүп, Кыргызстандын аталган компаниядагы үлүшү 15,66%, «Камеко» 52,68%, калган акционерлерге 31,66% үлүш тийген. «2003-жылдын 31-декабрындагы келишимге Курманбек Эргешовичтин кандай тиешеси бар?» деген суроо жаралары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буга түздөн түз катыштыгы бар десек аша чаппайбыз. Себеби ошол мезгилде Курманбек мырза юстиция министри, 1-вице-премьер катары бул келишим мамлекетибиздин кызыкчылыгына карама каршы келерин айткандын ордуна, тескерисинче, 2004-жылдын 4-январында Канадага мактоо катын жазган. Ошол катында «Кумтөр» боюнча жаңы келишимди эң идеалдуу деп атап, алымча-кошумча киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун баса белгилеген. Анын катында: «Ни Постановление Правительства Кыргызской Республики от31 декабря 2003 года №835 «О реструктуризации проекта Кумтор», ни любое из Новых соглашений по «Кумтору» не требуют никаких дополнительных разрешений со стороны каких бы то ни было государственных органов власти (включая, без ограничения, Жогорку Кенеш Кыргызской Республики) для придания действиям правительства Кыргызской Республики обязательной и действительной юридической силы» деген жерин окуган адам мунун аныктыгына ынанат.

2003-жылдын 31-декабрындагы статистикага таянсак, «Кумтөрдө» 538 тонна алтын кени болгон. Ал эми«Центерра» аны кийинчерээк 180 тонна деп гана көрсөтүп койгон. «358 тонна алтын кайда кетти?» деген суроого жооп жок. Буга дагы көз жумуп, Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» 67% акциясын 16%га чейин түшүрүүгө көмөк көрсөткөн «баатырдыгы» үчүн Курманбек Осмонов 2004-жылы 6-январда Жогорку Соттун төрагалыгына дайындалган. Курманбек мырзанын Жогорку Соттун төрагалыгына жетиш үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгын уруп ойнобой, кыянаттык келтирген келишимди жата калып мактаганы эми түшүнүктүү болсо керек. Чоң кресло үчүн«Центеррага» мактоо катын жазган Осмонов эми адалсынып, «Кумтөр» темасын көтөргөн Садыр Жапаров баштаган «ата журтчуларга» адвокаттык кылып жүрөт. Анын минтип Жапаровду коргоп, «Кумтөр» көйгөйүн көтөрүүгө моралдык укугу барбы? Албетте, жок, бирок, Осмонов үчүн баары боло берет эмеспи.

Курманбек Бакиевдин заманында мамлекеттик мүлк фондун жетектеген кезиндеги ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары ачылганда Америкага куйрук түйүп, апрель окуясынан кийин «Ата мекен» партиясынын арты менен мекенине кайтып, депутаттык мандат тагынган Равшан Бабырбековичтин хамелеончо кубулмайды мыкты өздөштүргөнүн мурда эле билчүбүз. Бирок, анын дагы 2003—2004-жылдардагы «Кумтөр» келишимине кол койгонун билгенде аргасыздан алаканыбызды шак койдук. Сүйлөсө оозунан Американын демократиясы түшпөгөн, тазалык, акыйкаттыктан кеп козгогон, Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, коррупциянын кокосун жулуш керек деп сайраган Равшан мырза ошол кездеги мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси катары жаңы келишимге кол коюп жатканына эмне дейсин? Эл алдында бирди сүйлөп, көшөгө артында башкача оюн жүргүзгөн Равшан Жээнбековдун чыныгы жүзү ушул.

«Кумтөр» келишимине кол коюп, мамлекетибизди сызга отургузууга аралашкан чиновниктердин бүгүнкү жүзү тууралуу баяныбызды кийинкиде улантабыз.                                                                                                                                                                               Интернет булактарынан алынды

Поделиться


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru