Айбат » Жумгалдагы «Кара-Кече» филиалынын офисине бензин куюлган бөтөлкөлөр ыргытылган (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалдагы «Кара-Кече» филиалынын офисине бензин куюлган бөтөлкөлөр ыргытылган (фото)

IMG_7642Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынан орун алган «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын имаратынан кечээ 28-август күнү түнкү саат 00:30 чамаларында өрт чыкты.

Өрттүн чыгуунун кесепетинен филиалдын бир бөлмөсүндөгү эмеректер толук өрттөнүп кеткен, андагы отургучтар, компьютер жабдыктары, телефон линиялары жана эшик терезелери күйүп кеткен. Бирок иш кагаздар башка бөлмөдө болгондуктан алар күйгөн эмес. «Бул кандайдыр бир белги окшойт, бизди көрө албаган тарапташтардын» — дешет ал жердеги кызматкерлер.

Өрттөнгөн мезгилде кароолчу өчүрүүгө жардам сурап тийиштүү тармактарга байланышкан. Имарат толук өрттөнүп кетпеш үчүн болгон аракеттерди көрүп өчүрүүгө жетишкен. Өрттүн келип чыгышына себепкер катары иликтөөдө кандайдыр бир бензин куюлган желим бөтөлкөлөр имараттын терезесинен ичин көздөй ыргытылган. Ошол менен бирге бөтөлкөнү ороп алып келген кийимдин калтыгы сыртта калып калган.

Өрттүн келип чыгышын учурда Жумгал РИИБси иликтөөдө, азыр имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетчү жагдай, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалы болуп ачылганына жарым жыл боло элек. Көмүр өңдүрүмү жогору болуп бул жылы жарыяланган тендерге катышып, учурда райондогу билим берүү мекемелерин толук көмүр менен камсыздап келе жаткан.

IMG_7646 IMG_7653



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru