Айбат » Мээрим Баялиева: “Эфирде тилимди чыгарып алып, аябай уялганмын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мээрим Баялиева: “Эфирде тилимди чыгарып алып, аябай уялганмын”

Мээрим Баялиева- Мээрим, эмнеге кызыгасың?

– Негизи кол өнөрчүлүккө жакынмын. Түрдүү буюмдарды, кээде кийимдерди деле тигип кийип алам. Мындан сырткары, чет элдик жазуучулардын китептерин көп окуйм. Алардын арасында Пауло Коэльенун чыгармаларын жогору баалайм.

- Кайсы автоунаанын маркасын жактырасың?

– Тойота үлгүсүндөгү автоунаалар жагат.

- Өзүңдүн машинаң барбы, бар болсо маркасы кандай?

– Автоунаам азырынча жок. Буюрса алууну көздөөдөмүн.

- Журналистикага кантип келип калдың эле?

– Журналистикага жөн жерден эле келип калган жокмун. Анткени, кичине чагымдан бери эле келечекте журналист болом деп самачумун. Теледен түрдүү берүүлөрдү көрүп, журналисттердин алып барганын, сүйлөгөн сөздөрүнө көз жүгүртчүмүн. Ал эми орто мектепти аяктагандан көп өтпөй, эч ойлонбостон Бишкеке келип, Кыргыз Улуттук университетинин, журналистика факультетине тапшыргам. Ал эми теле чөйрөсүнө 3-курстан баштап аралаша баштадым.

- Журналистикада жүрүп эмнелерди көрдүң, эмнеледи үйрөндүң?

– Журналистикага 3-курсумдан баштап эле аралашып калдым. Албетте, азыр укмуш кыйын болуп кеттим деп айтуудан алысмын. Дагы деле жаш журналист катары изденүүнүн, үйрөнүүнүн үстүндөмүн. Бирок, башында эч нерсе билбей келсем, азыр аздыр-көптүр үйрөнүп калдым деп айта алам. Баары алдыда…

- Кыргыз журналистикасындагы бир жактуулукту кантип жойсо болот?

– Буга дасыккан журналисттер, ары билимдүү, ары тажрыйбалуу адамдар так жообун берише алар. Бирок, менин жеке пикиримде теле болобу, радио же басма ЖМК болобу анын негизги позициясынан көз каранды. Маселен, мамлекеттик ЖМК укмуштуудай мактап-жактап берип аткан темага оппозициячыл маанайдагы ЖМК такыр башкача боек берип, жарыялашы мүмкүн. Бул – мыйзам ченемдүү көрүнүш го…

- Кыргыз дикторлорунан кимди баалайсың жана диктор деген кандай болушу керек?

– Диктор деген экрандын жүзү. Аны бардык теле көрүүчү карап, ал айтып жаткан жаңылыкка түшүнүп, бир канча секунддун ичинде гана маалыматты ала билгидей болушу керек. Деги эле диктордун орду чоң да. Элди өзүнө тарта билиш керек дегендей… Мен кыргыз дикторлорунан Нуржамал Бурханованы баалайм.

- Журналист болуш үчүн атайын журналистикалык билими болушу керекпи же шыгы болушу керекпи?

– Экөө тең болуш керек. Бирок, арабызда журналистикалык билими болбосо да сонун иштеп келе жаткан кесиптештерибиз да көп.

- Журналистикада жүрүп коркунучтуу окуяларың же кызыктууу окуялар болсо керек… Ошондон айтып берсең?

– Менин алгачкы жолу эфирге чыкканым такыр эсимден кетпейт. Өмүрү эфирди көрбөсөм, каяктан билейин? “Подводка” деп коёт эмеспи, бир материалга карата телекөрүүчүгө багыт бересиң. Ошентип айтып, анан сюжет кетип жатты экен деп ойлоп, сүрдөп, калчылдап, өзүмдү араң кармап отурган жаным, тилимди чыгарып коюптурмун. Ал болсо эфирде көрүнүп калып жатпайбы. Уялганымды сурабаңыз. Үйдөн апам да көрүптүр анткенимди. Эфир бүтөөр замат чалып, эмнеге антесиң деп айтып, өз кеңешин берди. Бирок, ошондон кийин антип жаза баспаганга аракет кылам.

2- Турмушка чыгуу планы барбы?

– Аны азырынча жарыя кылбай коё туралычы…

- Кандай жигиттер жагат?

– Эң негизгиси – жоопкерчиликтүү жигиттерди баалайм.

- Издегениңди таптың беле?

– Ооба,  тапкан нерсемди эч качан жоготуп алгым келбейт.

- Сага көрөрмандарың тийишкен учурлар болду беле?

– Көп эле болот. Эгер иш боюнча болсо, сүйлөшө алаарымды айтып, андан башка нерсе кызыктырып жаткан болсо, ары эле жүрүшүн суранып коём.

Маектешкен
Самара САЛАМАТОВА

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru