Айбат » Токтобек Өмүралиев: “Биздин имараттын абалы өтө жаман, ал дагы райондук оорукананын карамагында”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтобек Өмүралиев: “Биздин имараттын абалы өтө жаман, ал дагы райондук оорукананын карамагында”

DCIM100MEDIAАрхив – мамлекеттин алтын казынасы, бул бирден бир тарыхий булак, бүгүнкү документ жүз жылдан кийин маданий мурас, тарыхий далил, ар бир элдин тарыхы, өткөн турмуш түпкү аталарынан бери мезгилдеги акыл ою, кыргыздын рухий мурасы. Айрым жеке адамдардын ишмердүүлүгүн жана жеке тандырынын негизинде топтолгон, же мекеме ишканалардын ишмердүүлүгүн камтыган документтердин жана кол жазма каттардын жыйындысы сакталган жай эмеспи. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик архивинин башчысы Токтобек Өмүралиевди  сөзгө тарттык.

-Токтобек мырза, өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз?

-Мен, 3-май 1958-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагында төрөлгөм. Учурда Жумгал райондук мамлекеттик архивинде эмгектенип келем. Билимим жогорку СССРдин 50-жылдык атындагы КМУну бүтүргөм. Кесибим метематик-окутуучу.

-Жумуш жолун кайсы мезгилдерде баштадыңыз?

-1975-1976-ж.ж . Фрунзе шаарындагы №3 Окуу өндүрүштүк ишканасында уста, 1976-1981-ж.ж. КМУнун студенти. 1981-1982-ж.ж. Борбордук статистикалык башкармалыгынын алдындагы Республикалык эсептөө борборунда инженер-программист , 1982-1987-ж.ж.  Жумгал райондук комсомол комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2 секретарь, 1987-1993-ж.ж Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө мугалим, методист, райондук методикалык кабинетинин башчысы. 1993-2001-ж.ж Чаек айылдык комитетинин секретары. 2001-2007-ж.ж Чаек айыл өкмөтүндө инспектор, улук салык инспектор, киреше бөлүмүнүн башчысы. 2007-2010-ж.ж . Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин төрагасы. 2010-2011-ж.ж.  Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы. 2011-жылдан тарта Жумгал райондук мамлекеттик архивинин башчысы болуп кызмат кылып келем.

-Жумгал райондук архивинин тарыхына токтоло кетсеңиз?

-Жумгал райондук мамлекеттик архиви Кыргыз Автономдуу республикасында 1932-жылы райондоштуруу жүргүзүлүп жаткан мезгилге таандык. 1938-жылы  Тянь-Шань округу түзүлүп, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына карап сактоого 2 фонд, 280 сактоо бирдиги болгон. Райондук архивди Ефимов Е.А жетектеген. 1967-жылы райондук архив жоюлгандыгына байланыштуу документтер Нарын облустук мамлекеттик архивинин карамагына өткөрүлүп берилген. Ошентип, отуруп ортодо Кочкор-Жумгал райондорунун архиви болуп бириккен. 1975-жылы кайра өз алдынча Жумгал райондук архиви болуп бөлүнүп иш алып бара баштаган.

-Ошондо учурда архивде канча иш кагаздар камтылган байлыктар бар?

-Бүгүнкү күдө райондук архивде өздүк курам боюнча 118 фонд, 15855 сактоо бирдиги сакталып келет. Жумгал райондук мамлекеттик архивинде бүгүнкү күндө 4 кызматкер, 2 кенже кызматкер эмгектенип келишет.

-Сиздер карамака канча мекеме ишкана каралып, алардын иш кагаздары сакталып келет?

-Район боюнча учурда 43 мекеме ишкана негизги тизмеге киргизилген. Алар биз менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат.

-Сиздердин имарат кулап калуу коркунучунда болуп келди эле, жаңы имарат салычудайбы?

 -Биздин имараттын абалы өтө жаман, ал дагы райондук оорукананын карамагында болуп келген. Буга чейин жергиликтүү бийликке, өкмөткө чейин кайрылып келебиз, жаңы имарат курууна каражат сурап. Жакында эле имараттын райондук ооруканадан өзүбүздүн карамагыбызга өткөрүлүп алынды.

 -Сиздер тарабынан мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында окуу,  семинарларын өткөрүп турасыздарбы?

-Жумгал райондук мамлекеттик архиви тарабынан 6 ай ичинде 1 жолу райондук масштабда, 2 жолу мекемелердин деңгээлинде ар кандай темаларда семинарлар, окуулар өткөрүлүп көйгөйлүү маселелер каралып турат.

-Бул жылы кандай иштерди аткардыңыздар?

-2013-жылдын  айында 209 сан бирдикте туруктуу сакталуучу иш кагаздардан 110 сан бирдиги кабыл алынган. Биринчи жарым жылдык отчетуна ылайык өздүк курам боюнча 115 сан бирдиги, 77 сан бирдиги кабыл алынып, опистери түзүлүп эксперттик комиссияга бекитүүгө сунуш кылынган. Бул жыл ичинде 18 мекеме ишканаларга 18 жобо түзүлүп иштелип чыккан.

Жыл башынан бери биздин бөлүмгө жалпы 630 арыз даттануулар түшүп анын 593 суроосуна жооп берилди. Планыбыз боюнча 197% аткарылды.

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru