Айбат » Өкмөт Өмүркуловго арыздангандын ордуна, салык чогултууну сунуштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Өкмөт Өмүркуловго арыздангандын ордуна, салык чогултууну сунуштады

Ольга ЛавроваКаржы министрлиги салык төгүү боюнча нормативдерди өзгөртпөйт. Бул тууралуу 29-августта өкмөттүн жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, түшкөн каражаттарды айрым айып салуу жана санкциялар боюнча бөлүштүрүүдө анча чоң эмес өзгөрүүлөр болуусу мүмкүн. Жергиликтүү бюджет өзүнчө айыптын 50%ын алат жана башка эч нерсе өзгөртүлбөйт. Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаарга калтырган каражат жетишсиз экендигин айтып, аны 50%га жогорулатуу керек экендигин билдирди. Ага жооп катары Лаврова калаа башчысына арыздангандын ордуна салык чогултууну жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууну сунуштады. Министрдин сөзүн колдоого алган премьер Жантөрө Сатыбалдиев Өмүркуловго “Дордой” базарынан, деги эле шаар боюнча чогулган салыктын көлөмү төмөн экендигин баса белгиледи.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru