Айбат » Өзгөн районунда күрүч жыйноо башталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өзгөн районунда күрүч жыйноо башталды

күрүч жыйнооОш областынын Өзгөн районунда дыйкандар күрүч жыйноону башташты. Бул тууралуу райондун агрардык өнүктүрүү департаментинин директору Молдош Камчыбеков билдирди. Аталган аймактын эли негизинен шалычылык менен алектенишет. Учурда апрель айынын башында эгилген шалылар жыйналып жатат. “Массалык түрдө шалы оруу 15-сентябрдан баштап кызыйт. Быйылкы жылы Өзгөндө 1158 гектар шалы эгилди, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 43 гектарга көп. Ар бир гектардан орто эсеп менен 4 тоннадан күрүч жыйноо көздөлгөн. Шалы талаалары жер кыртышын тез бузгандыктан, акыркы жылдары күрүч эгүүнү азайтуу тапшырмасы коюлган, бирок, өзгөндүктөргө күрүчтөй киреше алып келүүчү өсүмдүктүн башка түрү жок болгондуктан, шалы аянттары кайра көбөйүп жатат”,- дейт М.Камчыбеков. Учурда жергиликтүү базарларда өзгөн күрүчүнүн баасы 110 сомдон 140 сомго чейин болууда. Бирок дыйкандар бул баага канааттанбай жатышат. “Анткени жылдан жылга жер арыктап жаткандыгына байланыштуу ар бир сотых жерге 10 кг жер семирткич талап кылынууда”,- дешет алар.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru