Айбат » Мелис Мырзакматов: “Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз 2012-жылдын башында келишим түзгөнбүз, бирок, ал келишимди Ташиев бузуп койгон…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мелис Мырзакматов: “Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз 2012-жылдын башында келишим түзгөнбүз, бирок, ал келишимди Ташиев бузуп койгон…”

Мырзакматов Мелис“Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз биригүү тууралу келишимди мындан бир жарым жыл мурун, 2012-жылдын башында түзгөн болчубуз. Анда Бишкек жана Ош шаардык кеңештерге шайлоого даярданып, Жантөрө Сатыбалдиевди премьер-министрликке  даярдап жатышкан кез эле. Бирок, келишимге кол коюлгандан кийин Ташиев президент менен сүйлөшүп алып, премьер-министр болом деп келишимден чыгып кетип, келишимди бузуп салган”, – деди “KyrgyzToday” маалымат агенттигине саясатчы, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов. “Акмат Келдибеков ошол 2012-жылдын башындагы, кийин бузулуп калган келишим жөнүндө айтып жатат. Азыр андай келишимге али кол коюла элек”, – деп жыйынтыктады Мелис Мырзакматов. Эсиңиздерге сала кетсек, 27-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков “Вечерний Бишкек” гезитине интервью берип, анда: “Биз, Мадумаров, Ташиев, Мырзакматов төртөөбүз биригүү тууралу келишимге кол койдук”,  деп жарыялаган.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Мелис Мырзакматов кыргыздын патриоту. Мындай адам ар дайым эле чыга бербейт. Урматтуу Мелис байке биз ОШ шаарынын калкы жалпы калк сизди колдойт! ОШко сизден башка МЭР керек эмес! Атамбаев биздин ОШ шаарынын МЭРине тоскоолдук кылбаныз!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru