Айбат » «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү

12003-жылы «Замандаш» коомдук фонду Урал аймагынын кыргызстандыктарды колдоо фонду менен биргеликте Россия Федерациясында диаспоралык чачыранды кыргыз уюмдарын бириктирүү демилгеси менен түзүлгөн «Замандаш» Ассоциациясынын  он жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Маарекеге дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинен келген 300 ашуун диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана мүчөлөрү күбө болушту.

«Замандаштын» 10 жылдык тарыхы – чет өлкөдө эмгектенип келген мекендештин тарыхы

15-август күнү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өттү. Маараке алгач концерттик программа жана театралдаштырылган көрсөтмө менен башталып, «Замандаш» Ассоциациясынын 10 жылдык тарыхына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң «Замандаш» Ассоциациясынын төрагасы Кадырбек Бусурманкулов «Замандаштын» он жылдык тарыхын баяндаган докладын окүп, досу жана «Замандаштын» түптөөчүсү маркум Мухтарбек Өмүракуновду эскерди.

«Замандаштын» мааракесине Өкмөттүн биринчи адамдары катышты

Иш-чарага КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева, КРнын ЖК вице-спикери Бөдөш Мамырова, КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен ведомстволору, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, эл аралык мекемелер жана сыйлуу коноктор катышышты.

Алгачкы сөздө Жантөрө Сатыбалдиев “Замандаш” Ассоциациясынын 10 жылдык кутман мааракеси менен куттуктап, чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенип жатышкан мекендештерибиз менен тыгыз алака-кызматташтыкта болуу эң маанилүү мамлекеттик милдет экенин баса белгиледи. «Замандаш» Ассоциациясынын аткарган иштерине токтолуп: «Бүгүнкү күндө “Замандаш” чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоодо чоң салым кошууда. Мыйзам билбей чет жерде кулчулукка айланган мекендештерибизге чоң жардам көрсөтүп, бир катар кыргыз жарандарын өз мекенине алып келген»,-деп белгилеп кетти.

КР экс-президенти Роза Отунбаева өз куттуктоо сөзүндө: «Биз “Замандаш” ассоциациясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов ишин кантип баштаганын, чет өлкөлөрдө оор абалда калган Кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай шарттарда жардам бергенин жакшы билебиз. Кыйынчылыктарга карабай мекендештерине жардамын берип келген. Бүгүнкү күндө “Замандаш” чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын кызыкчылыктардын коргоодо чоң салым кошууда. Колдоо көрсөтүүдө аз да болсо эмгек мигранттарына жеңилдик болуп жатат. Бирок, өкмөт бул багытта белгилүү бир иштерди жасоо керек деп ойлойм. Мигранттардын көйгөйлөрү менен алектенген өзүнчө бир орган керек».

КР Өкмөтүнүн министрликтери менен ведомстволору «Замандаш» Ассоциациясынын мүчөлөрүнө жана диаспора жетекчелирине ардак грамоталарын тапшырышты

Бөтөн жерде жүрсө да жүрөгү кыргыз деп согуп, Кыргызстандын маданиятына, экономикасына, өнүгүшүнө, спортуна жана тилине салымдарын кошкондугу үчүн диаспора жетекчелерине КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана ведомстволору 76 ардак грамоталарын тапшырышты.

Мааракенин уландысы 16-17-августта Кыргызстандын бермети кереметтүү Ысык-Көлдө өттү

16-августа Чынгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Замандаш» Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жана диаспора уюмдарынын жетекчилеринин чогулушу болуп өттү. Жолугушууда «Замандаштын» башкаруу органдары шайланып, ассоциациянын ички суроолору кызуу талкууда болду.  Андан тышкары инвестициялык долбоорлор сунушталып, Кыргызстандын экономикасына пайда келтирүү темасындагы суроолор талкуланды.

Он жылдык улуттук оюндар жана ат оюндары менен жыйынтыкталды

Күжүрмөн кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери эле жашап келаткан улуттук оюндарыбыз менен сыймыктана алат. Өзгөчө калк арасында ат оюндары кеңири жайылган. 17-августта «Замандаш» Ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси арналган улуттук оюндары жана ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы А. Кольбаев атындагы ат майданында уюштурулду. Ипподромдо болуп  өткөн улуттук оюндардын жалпы байге фонду 1 миллион 350 миң сомду түздү. Андан тышкары бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтүп, “Азия жигиттери” каскадерлор федерациясынын жигиттери өзүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Мааракенин ачылышында Кыргызстандын жети облусунан келген 128 балбаны бел боо күрөшүнөн күчтөрүн сынашты. Финалдык беттешүүлөрдө 75кг чейин салмакта Садыбеков Зыямидин, 96 кг салмакта Барпыбеков Канымет жана 96кг өйдө салмакта Кушубаков Бекболсун биринчиликти алышты. Жеңүүчүлөргө «Замандаш» Ассоциациясынын төрагасы Кадырбек Бусурманкулов 300 миң сомдон турган байге фондун тапшырып, балбандарга ийгилик каалап кетти.

Улуттук оюндардын байге фонду 1 350 000 сом

Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. «Замандаштын» мааракесине арналган ат оюндарында биринчи ирет көк бөрү оюну менен башталды. Көкбөрүдө Кыргызстандын эң мыкты Кожомкул, Бөрүлү, Суусамыр жана Кабылан топторунан тандалып алынган уландар күчтөрүн сынашты. Отуз эки килограмдай салмактагы улакты көтөргөн жоон-билек боз уландардын  оюну өтө кызыктуу болуп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Жигиттер таймашка түшкөн сайын    көрөрмандарга   ого бетер кызыктуу  оюн тартуулады.  Мыкты оюн көрсөткөндөр татыктуу сыйлыктарга ээ болуп,  көкбөрүнүн жалпы байге фонду 50 миң сомду түздү.

Жорго чабышта 11 күлүк жарышка чыгып биринчиликти үч жашар Барон каймана аты бар жорго алып 100 миң сом байге алды. Эл эми экинчиликти алган Черпага жоргосунун ээси 40 миң, үчүнчү келген Чагылган күлүгү 20 миң сом менен сыйланды.

Алган оорду Аттын аты Жашы Байгеси
1 10 Барон 3 100 000 сом
2 11 Черпага 4 40 000 сом
3 1 Чагылган 6 20 000 сом
4 8 Глабр 4 5 000 сом

Кунан чабышта 32 күлүк катышкан жарыштан жалпы байге фонду 230 миң сомду түздү. Нарындан келген Зайка атуу кунанга тең келгендер болгон жок.

Алган оорду Аттын аты Жашы Байгеси
1 5 Зайка 2 100 000 сом
2 7 Пальмира 2 50 000 сом
3 1 Роял Денсер 2 30 000 сом
4 6 Жүрөк 2 20 000 сом
5 29 Суусар 2 15 000 сом
6 12 Учкун 2 10 000 сом
7 18 Тамна 2 5 000 сом

Ал эми аламан байгеге 24 күлүк жарышка чыккан, алардын ичинен эң мыктысы деп Аэробас деген жылкы табылып, 150 миң сом акчалай байге тапшырылды.

Алган оорду Аттын аты Жашы Байгеси
1 7 Аэробас 4 150 000 сом
2 20 Олигарх 4 75 000 сом
3 5 Таганья 3 40 000 сом
4 11 Супра 3 20 000 сом
5 17 Персия 3 10 000 сом
6 23 Грета 4 5      000 сом

2

 

Бар бол, Замандаш!

«Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык тарыхы канчалаган мекендештерибиздин өмүрү менен байланды. Басып өткөн жолунда ассоциация канчалаган адамдардын сообуна калды. Кыргыз кайда жүрбөсүн анын жүрөгүндөгү мекенине болгон мээрими, кыялы Манастын Руху менен сугарылып туруусун тилеген Мухтар Өмүракунов арабызда жүрбөсө да, анын деми, ою, жаны, элеси ар дайым биз менен болот. Бар бол «Замандаш»! Элине, жерине кызмат кыла бер!

Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru