Айбат » Кудайберген Күрөңов: “Атбашылык укук коргоо органындагылар Байтерековду колдоп жатышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал, Маек » Кудайберген Күрөңов: “Атбашылык укук коргоо органындагылар Байтерековду колдоп жатышат”

Чоң-Туз шахтаКудайберген Күрөңов, “Чоң-Туз шахтасы” коомдук уюмунун башчысынын орун-басары:

“Атбашылык укук коргоо органындагылар Байтерековду колдоп жатышат”

-Кудайберген мырза, «Чоң-Туз» шахтасында талаш-тартыштар эмне себептен болуп жатат. Башынан айтып берсеңиз?

-Курманбек Байтереков деген Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Бакиевдин тушунда кыянатчылык менен мамлекеттке тиешелүү бул кенди басып алган. Ал учурда бийлик тараптан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ушул шахтаны 2010-жылкы революциядан кийин эл алып иштетип жаткан. “Чоң-Туз шахта” коомдук уюму (биз) 2020-жылга чейин иштетүү боюнча лицензия алып иштете баштаганбыз. 17 кылмыш иши козголуп аягына чыкпай келе жаткан Байтереков 2010-жылы Чоң туз кенин элге өткөзүп бердим деп өз колу менен жазып бергенине карабастан кайрадан туз кенин талашып жатат.

-Байтереков мамлекетке тиешелүү салыктарын төлөөдөн дагы баш тартып жүргөндүгү боюнча маалыматтар бар. Ал эми сиздер салыкты кандай төлөп жатасыздар?

-Сиз айтып жаткандай Байтереков керектүү салыктарды төлөөдөн баш тартып, абдан жаап жашырып өзү кирешеге туйтунуп турган. Мисалы, жылына 50.2 тонна туз чыгарып турганын жана Туз санаторийинен 328 миң сом киреше таптым деп отчет берген. 2010-жылы 7-апрельден кийин мага тиешелүү наркы 9 млн. сомдук мал-мүлкүм тонолуп кетти деп тиешелүү органдарга кайрылып отурат. Ошого шылтоолоп конпенсация алды деген кептер угулуп жатат. Биз аны эсептеп көрсөк, жылына саноторийден жылына 70-80 кишини кабыл алып жатса, анан кайдагы 9 млн. сом пайда түшмөк эле?! Ал эми биз Байтерековдой болуп жаап жашырбастан салымдарды өз убакытсы менен төлөп, жылына 50 тонна туз өндүрүп чыгып жатса, азыркы тапта биз 300 тонна тузду өндүрдүк, жылдын аягына чейин 400 тоннага жеткирели деген планды койдук. Мындайча айтканда Байтереков төлөгөн салыктан 50 эсе көп төлөп жатабыз. Мына ушул көрсөткүчтү өзүңүз деле баамдап көрсөңүз, кандай айырма болуп атат? Андыктан  кирешеден кур калып калган Байтереков талашууга барып жатканы белгилүү эле болуп турбайбы…

-Байтереков сиздерге кысымдарды кылып жатыптыр деген маалыматтар эл арасында айтылып жүрөт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Бул маалымат жүз пайыз туура. Эл туура айтат. Эл Байтерековдун иштери туурасында абдан жакшы билет. Азыркы тапта обулпрокуратура, райпрокуратура ж.б. укук коргоо органдарында иштегендер бул ишке кийлигишип Байтерековду колдоп жатышат. Булардын баардыгы атбашылыктар.

-Атбашылык, кочкорлук болуп бөлүнүү болуп жатабы? Муну кандай түшүндүрүп бере аласыз?

-Укук коргоо органдарында иштеген атбашылык туугандар кысым көрсөтүп жатат. Ал эми эмне себептен экенин билбейм. Болгону башпрокурор Аида Салянованын күйөөсү атбашылык экен, бу мырза да Аида Жеңишбекованын атын сатып  ушуга кийлигишип жатканы туурасында Президентке, Өкмөткө жана Акыйкатчыга, фракция лидерлерине, депутаттарга кайрылганбыз. Баягыдай эле стандарттуу жооптор келип жатат, “карап атабыз” деген.

-Конкреттүү түрдө кандай кысымдарды көрсөтүп жатат?

-Биз мыйзамдуу түрдө иштеп жатканыбызды бардыгын далилдеп бергенбиз. Ошого карабастан Курманбек Байтереков сотко доо арыз менен кайрылып, райондук жана облустук соттор Байтерековдун кызыкчылыгына чечип берип салган. Мына ушул доо арызды укук коргоо органында иштеген атбашылык азаматтар колдоп берип жатышат. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын колдоого милдеттүү болчу, тилекке каршы мыйзамдын негизинде иш алып барбай жатышат. Биз болгон далилдерди алып келип жатсак такыр көңүл бөлбөй жатышат. Муну менен Байтереков менен биргеликте кызыкчылыктары бар экени көрүнүп турат. Андан дагы бир кызыктуу жагдай бар: 2001-жылы Байтерековдун Чоң-Туз мамлекеттик ишканасына  тиешелүү 1.40 га жерди мыйзамсыз кестирип алган экен.   Ал жерге эс алуу үйлөрүн, котедждерди курган. Биз ушуга байланыштуу доо арыз менен кайрылганыбызда атайын уюшулган прокурорлор тобу доо арызды кабыл албай коюшту.  Доо арызды өткөрөм деген баланы кайрадан жазалашып, кызматтан түшүрүштү.Андан сырткары айрымдарыбызды камоого ала баштады. Мисалы мени 2 ай камады, тиешелүү документтерди, далилдерди бергенден соң гана сот тергөөгө жөнөттү. Айлалары кеткен “байтерековчулар” шахтаны берсең эле куугунтук кылбайбыз, тийишпейбиз дешти. Мен ага моюн берген жокмун. Ушул жылдын 25-август  күнү атайын провакация уюштуруп, криминалдык элементтерди аралаштырышты. Ал гана эмес түнкүсүн ИИМ кызматкерлеринин жарандык формасы менен да жүргөндүгү таң калтырат.

-Мындай чагымчыл аракеттерине кандай баа берет элеңиз?

-Албетте, туура деген баа бере албайм. Баскынчылык, рейдерлик менен мыйзамсыз түрдө Туз шахтасын басып алуу деп эсептейм жана ушул ишке аралашып мыйзамсыз иштерди жасап жаткан жалпы укук коргоо органдарынын мамлекетке, элге болгон душмандык мамилеси деген баа берем.

 -Ошону менен Кочкордогу туз кени Байтерековго тиешелүү болуп калдыбы?

-Жок. Жогорку Сот эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарды.

-Милиция кызматкерлерин дагы сабап кетти деген маалыматтар тарап жатты эле… Сабап салды делген баланын тагдыры эмне болууда?

-Туз айылынын бир баласы Мунарык Манапаев деген милиция кызматкерин биздин бала сабап салыптыр деп ИИМ официалдуу  билдирүү тараткан эле. Адвокат ал баланын эч кандай күнөөсү жок экенин аныктаганына карабастан  ал баланы эки айга камаган. Ал бала 1993-жылы төрөлгөн. Жаш жана жоош бала экен. Бул бала милицияны сабай алмак эмес.

-Эмне себептен камап салды деп ойлойсуз?

-Эптеп жаманатты кылуу максатында жасалган иш-чара. “Байтерековчу” укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана өзү баш болуп уюштурган көрүнүп турат. Соттун алдын 50дөй киши келип кысым көрсөтүп турган болчу. Керек болсо көргөн күбөлөр бар экен. Ошол Туз айылынын тургундары айтып берип жатышат. Туз айлынын кадырлуу аксакалдарды Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын башчысына кирсе, дагы 9 баланы тизмеге жазып койдук. Эгерде, “Туз шахтасын иштетип жаткан жетекчилер бизге атайын акча берип, милицияны сабагыла дегенинен сабаган деген көрсөтмөнү берсеңер, балаңарды чыгарып беребиз” деп айтыптыр. Ошол маалда Туз айылынан барган өкүлдөрү эч кандай андай болгон эмес десе, Кочкор РИИБинин башчысы “жоголгула, анда Туз айылын бүтүндөй камаласыңар” деп коркутууга алыптыр. “Байтерековчулар” Туз айылын үймө-үй кыдырып, Чоң-Туз мамлекеттик ишканасын Байтерековго берелик, силер жана силердин бала дагы бошонуп чыгат деп тескери үндөп жүрүштү. Бул боюнча 28-август күнү райондук прокуратурага, Кочкор районундагы УКМКнын өкүлчүлүгүнө билдирүү жасадык. Мындан тышкары Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Канат Муратбековго да кабар кылдык. Ал: “сен эмнени сүйлөп атасың, конкреттүү фактылар менен сүйлөбөйсүңбү, менин деңгээлим башкача, майда-чүйдө маселе менен кайрылба” деп күпүлдөдү. Нарын райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Молдоисаев Нарынбек Кочкор райондук ИИМдин кеңсесине келип, “байтерековчуларды” чогултуп, штаб уюштуруп, Байтерековго шахтаны алып берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.  Ошондой эле Президентке кайрылганыбызда президенттин каттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Молдокул Абдылдаев президентке жеткирбей койду. Бул дагы Байтерековду жактаган киши экени көрүнүп калды. Башпрокурорго берген катыбызды Аида Жеңишбекованын күйөөсү жеткиртпей койду. Андыктан эмне кылаарыбызды билбей калдык, ар кандай нааразычылык акцияларды өткөрүүдөн башка. Ошондо гана үнүбүз бийликке жетеби деп жатабыз.

маектешке Бакыт Бектуров

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru