Айбат » Үмүттүн шооласы же Кыргызстан эми туура жолго түштүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Үмүттүн шооласы же Кыргызстан эми туура жолго түштүбү?

1Көз ачып жумганча Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 22 жыл толуптур. Бул жыл аралыгында мамлекетибиз башынан кандай гана оор сыноолорду өткөрбөдү.

Эл ишенип шайлаган эки президентибиз – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев мамлекетти алга сүйрөмөк тургай, тескерисинче экономикабызды сызга отургузуп, үй-бүлөсү менен биргеликте тоноп, аягында чет өлкөгө качып кетти. Эки жолу тең кыргыз эли күч менен башкарууга жол жок экенин далилдеп берди.

Курманбек Бакиев кеткенден кийин жаңы келгендер дал ушул нерседен сабак алдыбы, айтор, бийликти бир колго топтоп, күч менен кармап туруу жакшылыкка алып келбесин айтышып, Кыргызстандагы башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү демилгесин көтөрүштү. Жыйынтыгында, жалпы элдик референдум менен жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттик башкаруу системасын тандап алдык. Парламенттик жаңы шайлоолор өтүп, чыныгы атаандаштык менен ат салышып, 5 партия жеңип келди. Бешөө беш башка көз караштагы партиялардын келиши башкарууда, коомдо ачыктыкты алып келди. Анткени, буга чейинки бийликтегилерде «кол бала» парламент болуп, бийликтин жасаган терс иштери катылуу бойдон калып аткан болсо, азыр аны жашыруу мүмкүн эмес. Биринин кылган айыбын экинчиси ачык айтып чыга турган шарт түзүлдү. Бул болсо демократиялык жолдо алдыга жылганыбыздын белгиси.

Бул жолду тандап алганыбызды дүйнөлүк коомчулук кубаттоо менен кабыл алды. Анткени, Орто Азияда демократияга умтулган биринчи мамлекет экенибизди көрсөттүк. Өткөөл мезгилдин президенти катары шайланган мамлекет башчы Роза Отунбаева тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берип, муну менен да Орто Азиялык аймакта башкаларга үлгү боло алдык. Буга чейин дүйнөдө «Кыргызстанда президентти кууп гана кетиришет» деген түшүнүк орноп калган болсо, Отунбаева өзүнүн кадамы менен бул нерсени четке какты. Андан кийин келген президент Алзмабек Атамбаев дагы экинчи мөөнөткө барбай турганын дароо жар салып, бийликти тынчтык жол менен шайлоодо озуп чыккан адамга мыйзамдуу өткөрүп берерин белгиледи.

Бул көрүнүнш менен Кыргызстанда аз да болсо саясый, экономикалык стабилдүүлүк орноп, ишеним пайда болду. Майда барат митинг-пикеттердин коштолушу демократиянын бир белгиси катары кабылданып, аларга мурдагы бийликке окшоп бөгөт коюлган жок. Ким каалаган учурда, каалаган жеринде нааразычылык акциясын өткөрүп атат. Массалык маалымат каражаттары эркин, каалаганын жазып атат…

Мурдагы бийликтегилер тышкы саясатта өзүнүн туруксуздугун көрсөтүп, берген убадасына турбай ишенимден тайганын билебиз. Бул бийлик бизге болгон алардын ишенимин кайтарууга жетишти десек ашыкча болбостур. Курманбек Бакеив АКШнын базасын чыгарам деп катуу жар салып, бирок саясый соодалашуудан кийин кайра калтырып койгонун билебиз. Ошондуктан Президент Алмазбек Атамбаев да аталган базанын чыгарыла турганын айтканда, баары кезектеги соодалашуу катары баалаган эле. Жок, андай болбоду. Бул база чынында эле 2014-жылы ишмердүүлүгүн токтото турганы белгилүү болду. Кыргыз өкмөтү АКШ менен транзиттик борбор тууралуу келишимди узартуудан баш тартты. Бул нерсе Кыргызстандын тышкы саясатта өз позициясы бар жана убадага тура аларынын далили эмеспи.

Стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен мамилебиз бекемделди. Алардын ишенимине кирүү менен 20 жылдан берки дымып жаткан ири энергетикалык долбоор ишке кирише баштады. Камбарата-1 ГЭСи, Нарын Жогорку каскаддарына 4 ГЭСтин курулуш иштери башталды. Буга кеткен каражатты толугу менен Россия төлөп бере турган болду. Бул гана эмес, Кыргызстандын 500 млн. долларга жакын карызын кечип жибергенин белгилебей койсок болбостур. Аны менен катар курал-жарак, аскердик техникадан дагы жардам берди.

Тышкы саясатта бир тарап менен эле чектелип калбай, Кытай, Түркия, Казакстан жана башка өлкөлөр менен да алака жакшырды. Кытай менен биргеликте «Датка» подстанциясы курулуп бүткөнү калды. Бул өлкө менен биргеликте дагы бир катар заводдор ишке киргени турат.

Түркия болсо 49 млн доллар карызыбызды жоюу менен катар 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берди. Анын жардамы менен жолдор оңолуп, мектеп, ооруканалар курулуп, суу, айыл чарба, транспорттук тармактарда мурда көңүл сыртында калган иштер жасалууда.

Буга чейинки бийликтегилер коррупция, криминал менен күрөшүп атканын канча жолу сайрап айтпасын, иш жүзүндө өздөрү коррупцияга малынып, бийликке криминалын да аралаштырып атканы далилденген эле. Бул бийлик болсо коррупция, криминал менен күрөшүүгө болорун иш менен далилдеди десек ашыкча болбос. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү биринин артынан бири колго түшүп, анын башчылары Кыргызстандан куйругун түйүп качып чыгып кеткенге жетишип калышты. Курманбек Бакиевдин тушунда 65 киши буюртма өлтүрүүгө туш болгон болсо, Кудай сактасын, бул бийлик келгенден бери андай учур катталаган жок.

Коррупция менен күрөш катуу жүрүп, майда барат пара менен кармалган кызматкерлерди мындай кой мурунку мэр, министр, депутаттарга кылмыш иштери козголуп, өз жообун алышты. Тийиштүү органдар бул күрөштүн баштылышы гана экенин белгилешүүдө. Ушул темп менен кетсек, Кыргызстанда криминал менен коррупциянын тамырына балта чабылар бекен деген үмүттүн шооласы пайда болот.

Мына ушинтип, Кыргызстан урулуп-согулуп, далай кечүүлөрдөн өтүп, эми туура жолго түшкөндөй. Биз ушунубузду жоготуп албашыбыз керек. Бийликке жөндүү сын айтып, анын туура эмес жасаган иштерин түздөп, жол көрсөтүп, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калсак.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru