Айбат » «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен акча доолаган Б.Курманов жана Э.Жунушбаев деген кимдер?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен акча доолаган Б.Курманов жана Э.Жунушбаев деген кимдер?

кумтор

Массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриерден 3 млн. доллар доолап аткан видеотасма коомчулукта кеңири талкууну жаратты. Бул теманы социалдык түйүндөрдө саясатчылар, чиновниктер, парламент депутаттары да талкуулашууда. Эки жаш жигит Канадалык инвестордон акча талап кылып аткан оперативдуу тасма чынында эле тартылганын көпчүлүк билгени менен, бул жигиттер өздөрү жасалма деп чыгышты.

«24.kg» маалымат агенттиги Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановдор тууралуу кандай маалыматтар бар экенин билүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылды.

УКМКдагы булактардын билдиргенине караганда: Эрмек Медерович Жунушбаев 1986-жылы 12-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган, улуту кыргыз, саруу уруусунан, мурда соттолгон эмес, жогорку билимдүү, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун (Каракол шаары) бүтүрүүчүсү, Саруу айыл округунун депутаты, Кызыл-Суу айылындагы спорт комплексинде машыктыруучу болуп иштейт, Саруу айылында жашайт.

«2013-жылдын май айындагы Жети-Өгүз районундагы башаламандыкты уюштуруучулардын бири, башаламандыкты баштаган  Н.Калчаев, Б.С.Курманов, А.К.Бечелов, Ж.А.Кожобеков, А.Ж.Чыналиев, Жээнбек уулу А. жана С.М.Маданбековдор менен байланышта», – деп белгилейт УКМКдан.

Бактияр Сарыбаевич Курманов (криминалдык чөйрөдө Батик деген ат менен белгилүү) 1980-жылы 22-июлда туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну, кыргыз, мурда соттолгон эмес, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда Жети-Өгүз боюнча «смотрящий» болуп келген. Айрым маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаев Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткенден кийин Азиз Батукаевдин тобуна кошулуп кеткен.

«2013-жылдын 2-майында Саруу айылындагы маданият үйүнө жергиликтүү жаштарды чогултуп, Кумтөр кенинин маселеси боюнча жыйын өткөргөн. Жети-Өгүз районунун жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган буга чейинки бир катар талаптарды алып чыккан. 2013-жылдын 27-майында Барскоон айылындагы Кумтөр кенине кеткен жолду бууп, комбинатты электр энергиясы менен камсыз кылган Тамга айылындагы подстанцияны басып алууну уюштуруп, бул аракеттер андан ары башаламандыктар менен коштолгон.

Бул акциянын башка активдүү уюштуруучулары Ж.Кожобеков (парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун коомдук жардамчысы) жана Н.Калчаевдер менен байланышы бар. Бул аты аталган экөө «Республика» фракциясынан ЖК депутаты Максат Сабиров менен байланышы бар» деп маалымдашты УКМКдан.

2004-жылы 23-сентябрда Бахтияр Курманов Кылмыш жана кодексинин 104-беренеси боюнча (адамдын ден-соолугуна атайылап оор зыян келтирүү, анын жыйынтыгында эмгекке жарамдуулугун жоготуу) (КИ №14-04-227 – Жети-Өгүз ОИБинин тергөө бөлүмү тарабынан козголгон) кылмыш жообуна тартылып, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. 2006-жылдын 9-февралында Ысык-Көл областтык соту тарабынан 12 жылга соттолгон. 2006-жылдын 1-июнунда Жогорку Сот тарабынан Ысык-Көл облустук сотунун мурунку чечими 10 жылга чейин кыскартылган.

Андан ары 2005-жылдын 13-августундагы «Амнистия тууралуу» мыйзамдын 4-беренесине ылайык жаза мөөнөтү кыскартылган. 2008-жылы 30-апрелде Курманов Аламедин райондук сотунун чечими менен бошотулган.

2008-жылы 25-ноябрда Бахтияр Курманов тоноо боюнча кайрадан кылмыш жообуна тартылган.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru