Айбат » Расул Рахманалиев, Ди-джей: “Радио менен телеге өмүрүмдү арнайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Расул Рахманалиев, Ди-джей: “Радио менен телеге өмүрүмдү арнайм”

Расул Рахманалиев

Таң эрте шаңкылдаган коңур үндүү, шайыр жигиттин үнүн уктуңуз беле? Бир карасаң ырдап жүрөт, бир карасаң тамаша тартуулап бир карасаң үналгыдан сүйлөйт. Кыскасы, көп  кырдуу талант. Биз сиздерге уйку бербейбиз деп Элдик радиосунда ди-джейлик өнөрдү аркалап, той-мааракелерде тамаданы катыра аткарып жүргөн жигит Рахманалиев Расул Абдикалилович менен болгон маеке назар салабыз:

Блиц анкета;

Туулган жылы: 21-август 1989-жыл

Кичи мекени: Баткен облусу Баткен району Чек айылы

Билими: «Финансист»,  ОшМУ

Ырлары: «Кечирчи» , «Мектебим»,  «Махабатым»…

Фоббиясы: Бийиктик

Девизи: Кылдан жана кыялыңды ишке ашыра бил!

Өзүнө жаккан сапаты: Адам менен бат тил табышат

Өзүнө жакпаган сапаты: Мени билген адам айтсын

Кыздардан баалаган сапаты: Шайыр, бетке айткан, жүрөгү таза айымдар

- Расул сөзүбүздү, кичи мекениң тууралуу баштасак?

– Мен Кыргызстанда өрүгү менен таанымал болгон Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Чек айылында төрөлүп, Өрүкзарда 4-класска чейин окуп андан соң Бишкеке көчүп келгенбиз. Борбордо өсүп, борбордон окуп чоңойдум. Бирок, киндик кан тамган жерим көзүмө башкача көрүнөт. Айылга бат-баттан барып турам. Айылдын быкшып чыккан түтүнү да бал жыттанат дегендей… айылда жашагым келет. Ал жакта мага ылайыктуу жумуш болсо гана деп кээде ойлоп кетем. Буюрса телерадио тармагы Баткенде өнүгүп жатат. Балким өзүм радио же телеканал жаатын өркүндөтүп болочокто өздүк телерадио ачам деген максатым бар.

- Үй-бүлөөң тууралуу айта кетсең?

– Биздин үй-бүлөө таланттуулардан турат. Атам Абдыкалык, көп жылдардан бери айдоочу. КаМАЗ унаасынын ичегисин чукуп кайра ордуна келтирип койчу темир уста. Апам Манзура, соодагер айым. Азыр неберелеринин жытын жыттап, келиндеринин ысык чайын ичип, үйдө. Мен төрт бир тууганмын. Теңирим мага баарын бирден бергенго.. эжем, байкем жана иним бар. Баары өз өзүнчө түтүн булатып, турмуштун тузун татып жаткан кездери. Баары өз жумуштары менен алек. Атамда талант көп музыкалык аспаптарды катыра ойнойт. Мисалы: гитара, комуз, пианино, окардион, мандалин ж,б. Байкем, эжем инимда окардион, гитараны сыздатат. Мен да чыгарма жазып, обон созуп коём.

- Болочок кесипти эмне менен аркалоону чечтиң?

– Мектепте окуп жүргөн кезде “ким болосуң”? – деп сурап калышканда «учкуч» болом деп жооп берээр элем. Мезгил алмашат биз өтөбүз демекчи убакыт таразалап, тагдыр буюруп койгон экен 9-класстан бери “телерадио” тармагында иштеп келем. Анан да ырчы болгум келчү. Орус ырчысы Олег Газманов ырдап чыгып калганда туурай берчүмүн. Менин ордум ар түрдүү тармактарда деп эсептейм. Бирок радио менен телеге өмүрүмдү арнайм.

- Алдыда кандай пландарың бар?

– Мен көп нерселерди ойлойм, кыялданам. Көп учурда көздөгөн нерсе ишке ашпай калса кара жанымды карч уруп жетүүгө аракет кылам. Максаттарым көп, алардын баарын ишке ашыруу үчүн азырынча убакыт керек. Буюрса элге пайдасы тийген иштерди аткарам.

- Өзүңдү патриотмун деп эсептейсиңби?

– Албетте, мен патриотмун жана улутчулмун. Интернет жана социалдык түйүндөрдөн керек болсо аттуу баштуулар менен талаша-тартыша кетем. Мен патриот адамды элин коргой алган, жерине тытынып кызмат кылган, жеген ашын жерге койгон адам деп эсептейм. Мен эл үчүн иштегеним радио аркылуу угулат жана экран аркылуу көрүнүп турат.

- Обон созуп, ыр чыгарам дейсиң, репертуарыңда канча ыр бар?

– Ыр- жан дүйнө дарысы. Ыр жаратып ага өмүр берип обон жазып келем. Жеке өзүмдүн 2 обонум бар калганынын авторлору башкалар. Мен тим эле жылдыз болуп кете албайм. Өзүмө жаккан ырды ырдап интернет булактарына жайгаштырам анан өзүм иштеген радиодо бир маал жаңырып турат. Башка радиолор, ачык айтканда көрө албайт. Шүгүр, биздин ырды Орусия, Түркия, Корея атту коңшулаш өлкөлөрдө жүргөн мекендештирибиз да жактырып угуп келишет.

 

- Качантан баштап ыр дүйнөсүнө кызыгып калдың?

– Кичине кезимен тартып ырга-бийге шыктуумун. Мектептеги кароо-сынактар менсиз өтчү эмес. Кичинемде ыйлаак болуптурмун. Апам айтып калчу ыйлаак элең деп. Кызыгууда талант болбосо боло бербейт деп ойлойм. Азыр да кызыгуум күчтүү. Бирок, ырга көп каражат кетээрин билесиз. Ошондуктан бирин экин ыр жаздырып, обон кошуп коюп жүрөбүз.

- Анан кантип радиого келип калдың?,

– Баткенде «Салам» деген радио 1999-жылы ачылган. Анда мен 3-4 класста болсом керек. Анда Сабыр Абдымомунов деген байке кубулжуган үнү менен жагымдуу эфир алып барар эле. Радионун түбүнөн жылбай эфири бүткөнчө укчумун. Кийин менда радиодо иштейм деп чечкем. Жаштыгымдан бери кызыккан жаным, радиого киргенде гана тыным алды.

Учурда “Элfm” радиосуна раматылык устатым, акын жана бул радиону түптөөчүлөрдүн бири Медер Осмоналиев алып келген. Ырчы Байыш Момунов менен Токтогул жергесинде тойго келгенбиз. Ал жактан Медер аке менен кезигип калганбыз. Мурда эле тааныш элем. Анан Медер аке айтып калды, биз радио ачтык деп. Анан мен шыпылдап эле сүйлөп кирдим. Мен иштейм, менин колумдан келет деп. Анан ал кишинин жаңынан чыкпай жабышып атып макулдугун алып Бишкектен түйүнчөгүмдү түйүп алып Ош шаарына досторума, сүйлөшкөн кызыма да айтпастан кетип калгам. Бирок атам, апама айтып кеткем, а кишилерге алыска аттангандай сезилгенби билбейм ошондо апамдын шолоктоп ыйлаганы эсимде. Азыр кубанышып, сыймыктанышып отурушкандыр, менимче.

- Келечекте да ушу кызматты аркалайсыңбы?

– Ооба, мен бул суроого ойлонбой, жети өлчөп бир кеспей жооп берем. Менин өмүрүм радиого арналат. Телерадио тармагында иштеген купулума толот. Башка иштерден сунуштар көп, бирок баары бир тамырыма суу куйган бул “Элfm” радиосу. Дарак бир жерден көгөрөт эмеспи.

- Өзүң ыр чыгарасыңбы?

– Негизинен ыр жандуумун. Поэзияга жакынмын. Бирок , кээде тамсил аңгемелерге да кызыгып кетем. Студент кездеги жазган ырларым бар. Баарын чогултуп жүрөм, убагы келгенде китеп же чөнтөк китеп болуп чыгат деген максатым бар.

- Жумуштан сырткары эмне менен алексиң?

– Жумушум өтө кызыктуу. Курсагым ачка болсо деле радиодо жүрө берчү адатым бар. Иш убактым бүтсө эс алуучу бөлмөбүзгө кирип интернетке саякатка чыгам. Жакынкы күндөрү “ата” болуу алдында турам. Келинчегимдин көз жараарына аз калды. Буюрса ата-энемди неберелүү, өзүбүз ата-апа болобуз деп турган кезигибиз.

- Өздүк жашооң тууралуу айта кетсең?

– Үй-бүлөөлүмүн. Келинчегим Жалал-Абаддан. Жүрөгү таза, мага жаккан адамдык сапаттары бар.

- Кыздардын кандай сапаттарын баалайсың?

– Эң башкысы сулуулук эмес жан дүйнөсүнүн тазалыгы. Кыргыз кыздары баары сулуу, акылдуу жана ыймандуу. Негизи эле адамдар эки жүздүү күн карама болбой, бир калыпта жүрсөк.

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Rasul baike azamatsyz ishinizge iigilik ui bulooluk bakyt kaalaim men da di djei bolgum keleeeet

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru