Айбат » Дарт жана балээлердин келүү себеби

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Дарт жана балээлердин келүү себеби

1

Имам Раббани хазреттери адамдын башына келген балээлердин келүү себептерин суроо жана жооптор менен мындайча түшүндүрүүдө:
Суроо: Пайгамбар жана  олуя дайыма дарт жана балээлердин ичинде жашады. Бирок, Шура сүрөсүндө: “Силерге келген балээлер күнөөлөрүңөрдүн жазасы”, – деп айтылууда. Бул аятка карай турган болсок дарт-кыйынчылыктардын көптүгү күнөөнүн көп экендигин көрсөтүүдө. Пайгамбар жана олуя болбогон адамдын көп кыйынчылык тартуусу керек болсо да досторуна эмне себептен дарт жана балээ берүүдө? Душмандары эмне себептен ырахат жана ниматтардын ичинде жашоодо.
ЖООП
Дүнүйө ырахаттана турчу жер эмес. Акырет ушул үчүн жаратылды. Дүнүйө менен акырет бири-биринин карама-каршысы. Бирин кубантуу экинчисин нааразы кылат. Б.а., биринде ырахаттык издөө экинчисинде азап тартууга себеп болот. Ошондуктан, дүнүйөдө ниматтары, лаззаттары көп болгондор буларга керек болгон шүгүрүн орундабай турган болсо акыретте өтө оор азап тартышат. Ушул сыяктуу эле дүнүйөдө коркунучтардан сактанса да көп азап тарткан момун акыретте көп лаззаттарга ээ болот. Дүнүйөдөгү өмүр акыреттин узундугунун жанында тамчы дагы боло албайт. Чеги бар нерсени чеги жок нерсе менен салыштырып болобу? Мына ошондуктан досторуна мээримдүүлүк кылып, чексиз ниматтарга ээ болуулары үчүн дүнүйөдө бир канча күн кыйынчылык тарттырууда. Душмандарына бираз лаззат берип, көп азапка карай тартууда.

Суроо:
 Аллаху таала бардык нерсеге кадыр. Досторуна дүнүйөдө да, акыретте да ниматтарды бергенде жана дүнүйөдө берген лаззаттар акыретте булардын азап тартуусуна себеп болбогондо жакшы болбос беле?

ЖООП
Мунун түрдүү жооптору бар. Жетөөсү мындайча:
1- Дүнүйөдө бир нече күн дарт, кыйынчылык тартышпаганда Жаннат ниматтарынын кадырын билишмек эмес жана чексиз ниматтардын кадырын билишмек эмес. Курсагы ачпаган адам тамактын лаззатын түшүнбөйт.  Азап тартпаган адам ырахаттыктын кадырын биле албайт. Дүнүйөдө буларга кыйынчылык берүү дайыма боло турчу ниматтарды көбөйтүү үчүн. Бул кыйынчылыктардын ар бири нимат болуу менен бирге жахил калкты сыноо үчүн улууларга берилген ниматтар кыйынчылык болуп көрсөтүлүүдө. Чоочундарга кыйынчылык болуп көрсөтүлгөн нерселер досторго чоң нимат болуп саналат.
2-
 Балээлер, кыйынчылыктар жахил адамга кыйын болгону менен бул улууларга сүйгөндөрүнөн келген бардык нерсе таттуу болот.  Ниматтардан лаззат алгандай эле балээлерден дагы лаззат сезишет. Жада калса балээ бир гана сүйүктүүнүн арзуусу болуп, өздөрүнүн каалоолору аралашпагандыктан дагы да таттуу сезилет.  Ниматтарда бул лаззат боло албайт. Себеби, ниматтарда напсилеринин каалоолору да бар болот. Балээ келген кезде напсилери ыйлайт, сыздайт. Бул улуулар балээлерди ниматтан да артык жакшы көрүшөт. Булардын дүнүйөдөн ала турчу лаззаттары балээлерден, кыйынчылыктардан келет. Дүнүйөдө дарт жана балээ болбогондо булардын көзүндө дүнүйөнүн эч бир баасы болмок эмес. Дүнүйөнүн кыйын жагдайлары болбогондо алар үчүн бош, маанисиз болмок. Ошондуктан, Аллаху тааланын достору дүнүйөдө да, акыретте да кубанычтуу болушат. Башка түшкөн дарттардан ала турчу лаззаттар акырет лаззаттарынын азайуусуна себеп болбойт.
Акыреттеги лаззаттарды кетире турчу нерсе – бул жахилдер издеген нерселер. Аллаху тааланын башкаларга берген ниматтары досторуна рахмет болуп саналат. Аларга дарт, азап болуп сезилген нерселер болсо досторуна нимат болуп саналат. Башкалар нимат келгенде кубанышат, азап келгенде көңүлдөрү түшөт. Бул улук заттар ниматтарга да дарттарга да кубаныч менен мамиле кылышат. Себеби, булар иштердин жакшылыгына, жамандыгына карашпайт, иштерди жасагандын сулуулугун карашат. Иштердижасаган сүйүктүү болгондуктан иштери да сүйүктүү жана таттуу болуп сезилет. Бул дүйнөдөгү бардык нерсе сулуу болгон жасоочунун иши болгондуктан дарт жана зыян берсе дагы буларга каалаган жана сүйгөн нерселери болуп сезилет. Аларга таттуу болуп сезилет. Аллаху таала досторун ар качан өз арзуусуна ыраазы кылдырып, ырахаттык жана лаззат ичинде кармоодо. Башкаларга дарт болгон нерселер достору үчүн жамал жана кемал болууда. Булардын арзууларын арзуу кылынбай турган нерселердин ичине жайгаштырды. Дүнүйө лаззаттарын башкаларга тескерисинче акыреттеги даража жана лаззаттарынын көбөйүүсүнө себеп кылды. 

3- Бул дүнүйө сыноо боло турган жер. Бул жерде хак менен батыл, б.а., чындык менен жалган аралаш болот. Бул жерде Аллаху таала досторуна дарт жана балээлерди бербей бир гана дшмандарына бергенде дос душмандан бөлүнүп белгилүү болуп калмак. Сыноонун пайдасы болмок эмес. Кайыпка ыйман кылуу керек. Дүнүйө жана акыреттин бардык саадаты көрбөй туруп ишенүүгө байланыштуу. Хадид сүрөсүнүн “Аллаху таала, Пайгамбарларына кайыптан, көрбөстөн жардам кылгандарды билиш үчүн…” деген маанидеги 25-чи аятында бул абал билдирилүүдө. Досторун балээлердин ичинде көрсөтүп, душмандарынын көзүнөн сактады. Дүнүйө сыноо жайы болду. Достору балээде калгандай көрүнгөнү менен чындыгында болсо ырахатка бөлөнгөн. Пайгамбарлардын душмандар менен согушуулары да мына ушундай болчу эле.  Бадр согушунда мусулмандар, Ухудда болсо капырлар жеңишке ээ болушкан.  (Ал-и Имран 140)

4- Ооба, Аллаху таала бардык нерсеге кадыр. Досторуна дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттык бере алат, бирок, адаты ушундай. Кудуретин  хикматынын жана адатынын алдына жашырууну жактырат. Иштерин, жаратуусун себептердин алдына жашырган. Ошондуктан дүнүйө акыреттин терси болгондуктан достордун акырет ниматтарына жетүүлөрү үчүн дүнүйөдө кыйынчылык тартуулары керек.  [Аллаху тааланын достору дарттардын, балээлердин, коркунучтардын алдын алышат. Булардан кутулууга аракет кылышат. Чыдай албай турган нерселерден алыс болуу Пайгамбарлардын сүннөтү. Алдын алууларына, аракет кылууларына карабай башка түшкөн балээлерден ырахаттык алышат. Дарттардан ырахат табуу – бул бийик даража болуп саналат. Өтө аз тандалган заттардын кыла турган иши болуп эсептелет.]

АСЫЛ ЖООП
Дарттардын жана балээлердин келүүсүнө себеп – бул күнөө кылуу. Бирок, балээлер, кыйынчылыктар күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот. Ошондуктан, досторго кыйынчылыктар, балээлер көп келе турган болсо күнөөлөрү калбайт. [Бирок, тообо жана истигфар кылганда да күнөөлөр кечирилет. Дарт жана балээлерге зарылчылык болбойт. Ошондуктан, дарт жана балээден кутулуу үчүн көп истигфар окуу керек.] Достордун күнөөлөрүн душмандарынын күнөөлөрүндөй деп ойлобош керек. “Жакшылар жакшы деп эсептеген нерселерди достор күнөө деп билишет”, – деп айтылган. Булардын күнөө жана кемчиликтери болсо дагы башкалардыкы сыяктуу эмес. Жаңылуу жана унутуу сыяктуу. Ниет кылынып, чечим чыгарылып кылынган эмес.  Таха сүрөсүнүн: “Адемге алгач айттык. Бирок, унутту. Азм менен, чечим менен кылбады” деген маанидеги 115. Аят-ы каримада муну билдирүүдө. Ошондуктан, досторго келген дарттардын, балээлердин көп болуусу күнөөлөрдүн көп болгондугун көрсөтпөйт, күнөөлөрдүн көп кечирилгендигин көргөзөт. Досторуна көп балээ берүү менен күнөөлөрүн кечирет, тазалайт. Ушундайча буларды акырет кыйынчылыктарынан коргойт.

Жаханнамдагы өтө оор азаптардын бир канча күндүк кыйынчылык менен кетирилүүсү жана күнөөлөрдүн тазалануусу үчүн дүнүйөдө себептердин жиберилүүсү кандай деген чоң нимат. Досторго бул мамиле кылынып жатканда башкаларынын күнөөлөрүнүн эсебин акыретке калтырууда. Ошондуктан, досторго дүнүйөдө көп дарт жана балээ берүүсү керек. Башкалар бул ихсанга ылайык эмес. Себеби, чоң күнөө кылышат, жалбарышпайт, моюндарын бүгүп ыйлашпайт жана Ага сыйынышпайт.  Күнөөлөрдү атайылап эч тартынбастан кылышат.  Жада калса Аллаху тааланын аяттарын азилдешип, ишенбей турганчалык чегинен чыгышат. Жаза кылмыштын чоңдугуна карата өзгөрөт. Күнөө кичине болуп, күнөөлүү адам мойнун бүгүп жалбара турган болсо бул күнөө дүнүйөлүк кыйынчылыктар мнен кечирилиши мүмкүн. Бирок, күнөө чоң болсо жана күнөөкөр адам моюн сунбаган, сый-урматсыз болсо мунун жазасы акыретте чексиз жана оор болушу керек болот. “Аллаху таала аларга зулумдук кылбайт. Алар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылып, оор жазаларга ылайык болушту”, – деп буюрулду.  (Нахл 33)

Жахилдер, акмактар  “Аллах досторуна эмне үчүн балээ жиберет да нимат бербейт” деп бул сүйүктүү пенделерге ишенишпейт. Капырлар адамдардын эң жакшысына да мына ушинтип айтышчу эле. “Капырлар: “Бул кандай Пайгамбар, биз сыяктуу жеп-ичет, көчөдө басып жүрөт. Пайгамбар болгондо өзүнө периште келип жардамчы болмок, бизге алар дагы кабар берип Тозок менен коркутушмак. Же болбосо Раббиси акча казыналарын жибермек же жемиш бакчалары, айдоо талаалары болуп каалаганын жемек”, – дешти…  [Фуркан 7]

Мындай сөздөр акырет жашоосуна ишенбегендердин сөздөрү. Жаннат ниматтарынын жана жаханнам азаптарынын чексиз экендигин билген адам дүнүйөнүн бир канча күндүк кыйынчылыктарына маани бермек беле? Бул дарттардын чексиз саадатка себеп боло тургандыгын ойлоо менен буларды нимат деп тозуп алат. Балээлер, кыйынчылыктар сүйүүнүн эч жаңылбас күбөлөрү болуп эсептелет. Акмактардын муну түшүнө алышпагандыгы маанилүү дагы эмес.

6- 
Балээ – бул сүйүктүүнүн кылтагы болуп саналат  [сүйүктүү өз ашыгын өзүнө тартуу үчүн жиберген кылтак.] Ашык болгондорду сүйүктүүсүнөн башка нерселерди кароодон коргогон камчы сыяктуу. Ашыктарды сүйүктүүгө бурат. Ошондуктан, дарттардын, балээлердин досторго жиберилүүсү керек. Балээлер досторду сүйүктүүдөн башка нерселерге берилип кетүү күнөөсүнөн коргойт. Башкалар болсо бул ниматка ылайык эмес. Досторду кыйнап сүйүктүүгө тартышат. Каалаганын дар жана балээ менен тартышат жана аны сүйүктүү даражасына көтөрүшөт. Каалабагандарын болсо башын бош кылып таштап коюшат. Булардын ичинен чексиз саадатка ылайык болгону өзү туура жолго келип, эмгектенип, тырышып ихсанга жетет.

Көрүнүп тургандай эле тандалган пенделерге балээ көп келет. Эмгектенгендерге анчалык келбейт. Ошондуктан, жактырылгандардын, тандалгандардын жана сүйүлгөндөрдүн баштарынын таажы болгон Пайгамбарыбыз: “Мен тарткан кыйынчылыкты эч бир Пайгамбар таркан жок”, – деп буюрду. Ошон үчүн дарт жана балээлер досту доско жаңылбастан жеткире турган уста  жол башчы болуп саналат. Сүйүктүүсүнөн башкага карап ага так түшүрүүдөн коргошот. Ашыктардын казына ээси болуп мунун бардыгын берип дарт жана балээлерди сатып алгандыгы өтө таң калыштуу. Ашк-ы илахиден кабары болбогон адам дарт жана балээден кутулуу үчүн бары жогун сарп кылат.

Суроо:
 Дарт жана балээ келгенде достордун кээде көңүлү түшкөндүгүн көрүлүүдө. Мунун себеби эмне?
ЖООП
Ал көңүл түшүү көрүнүштө. Табияттан. Бул кайгыруунун пайдалары бар. Себеби, бул кайгыруу болбойт турган болсо напси менен жихад кылына албайт. Пайгамбарыбыз кайтыш болор алдында көрүңгөн кыйынчылыгы напси менен жихаддын акыркы бөлүктөрү болгон. Мына ушундайча акыркы деми дагы душман менен өттү. Өлүм учурундагы эң оор күрөшкө кирди. Инсандык сыфаттары, табият каалоолору калбады. Мубарек напсин толук баш ийүүгө, чыныгы канаатка алып келди.
Ошондуктан, балээ – бул ашык жана мухаббат базарынын жарчысы болуп саналат. Мухаббаты жок адамдын жарчы менен эмне иши болмок эле. Жарчыны буга эмне пайдасы болмок эле. Мунун көзүнө жарчынын кандай баасы болмок эле?


7- 
Балээ келүүсүнүн дагы бир себеби – чыныгы ашыктарды дос көрүнгөн жалганчылардан айырмалоо үчүн. Чыныгы ашык болгон адам балээден лаззат алат, сүйүнөт. Жалганчы болсо оору сезет, сыздайт. Мухаббаттын даамын таткан болсо чыныгы ооруну сезбейт. Оору сезгендиги көрүнүштө гана. Ашыктар бул эки ооруну бири-биринен айырмалайт.  Ошондуктан “олуя олуяны тааныйт” деп айтышкан.

Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт.

Суроо: Жер титирөө, авария сыяктуу себептер менен бир нече күнөөсүз адам же өлүүдө же майып болуп калууда. Кээ бирлеринин болсо эч күнөөлөрү болбосо да ар түрдүү балээлерге туш болууда. Күнөөсүз адамдарга балээ эмне үчүн келет?
ЖООП
Имам Раббани 
хазреттери, “Мектубатта” мындай деп буюурат:
“Дарттардын, балээлердин келүүсүнө себеп болгон – бул күнөө кылуу. Куран-и каримде мындай деп буюрулат:
“Сидерге келген балээ, азап кемчиликтериңердин, күнөөлөрүңөрдүн жазасы. Муну менен бирге Аллаху таала бир нечесин дагы кечирип башына кыйынчылык түшүрбөйт.” [Шура 30]

“Эй, инсан, сага келген ар бир жакшылык Аллаху тааланы ихсаны катары, ниматы катары келүүдө, ар бир дарт жана балээлер да жамандыктарыңа каршылык катары келүүдө. Бардыгын жараткан, жиберген Аллаху таала”.  
 [Ниса 79]

Белгилүү болгондой эле күнөөсү болбогон адамга балээ келбейт. Ар ким өз жазасын тартууда. Кулуна зулум кылбайт Худасы, ар кимдин тартканы өз жазысы.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
“Үммөтүм мына ушул он беш нерсени кылганда түрдүү балээлерге дуушар болот:
1- Олжо чачылып, орду-ордуна сарпталбайт.
2- Аманатка кыянаттык кылынат, олжо деп кабыл кылынат.
3- Зекетте куулук кылынат.
 [Зекет берүү кааланбайт, алдамчы жолдор изделет.]
4- Эркек аялынын сөзүнөн чыкпайт.
5Эне-атага каршы чыгылат, сөздөрүнө маани берилбейт. [Эски адамдар деген атка конот.]
6- Эне-атага кыйынчылык тарттырылат.
7- Жаман досторду ээрчишет.
 [Уят болбоюн деп ар түркүн күнөө иш кылынат.]
8Мечиттерде үндү катуу чыгарып сүйлөй башташат. [Хутбаны нутук айткандай окуу дагы мына ушундай.]
9- Жамандар, ылайыгы келбегендер башкаруучу болушат.
10- Зыянынан корккондуктары үчүн адамга сый көрсөтүлөт.
11- Ичимдик ичкендер көбөйөт.
12- Эркектер харам болгон жибек кийимин кийишет.
13- Ырчы аялдар көбөйөт.
14- Музыка жана музыкалык инструменттер ар жерге жайылат.
15- Мурунку аалымдар жамандалат.
 (Тирмизи)

Таттуу ниматтар ачуу дарылар менен капталган.
Суроо: 
Балээ эмне үчүн келет?
ЖООП
Ар бир жакшылык, ар нимат Аллаху таалага ихлас менен баш ийип жана ибадат кылуудан, ар жамандык жана кыйынчылык болсо күнөө кылуудан пайда болот. Ар кимге дарт жана балээ күнөө жолдон, ырахаттык жана тынчтык да баш ийүү жолу менен келет. Аллаху тааланын адаты ушундай. Аллаху таала эч кимге себепсиз балээ жибербейт. Куран-и каримде мындай деп буюрулду:
“Бир коом өзүн бузбаганча Аллаху таала алардын абалын өзгөртпөйт.”   [Рад 11]

“Эгер Аллаху таала адамдарды куфур жана күнөөлөрүнөн улам дүнүйөдө жазаландыра турган болгондо жер жүзүндө бир да жандык калмак эмес.”)   
[Нахл 61]

Демек бизге келүү керек болгон балээлердин баары келсе жер бетинде адам калбайт. Кылган ар бир күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө көрбөйбүз. Демек эгер тартуубуз керек болгон балээлердин бардыгы келгенде жер беринде адам калбайт. Кылган ар жамандыгыбыздын жазасын дүнүйөдө тартпайбыз. Көбүн болсо Аллаху таала кечирет. Адамдарга балээ эки себептен улам келет. Кылган күнөөлөрүнөн улам, же болбосо, күнөөсүз болсо дагы даражасынын жогорулоосу үчүн. Хадис-и шарифте айтылды:
“Чоң-кичине ар бир кыйынчылык кечириле турчу бир күнөө же жете турчу бир даража үчүн болот.”   [Эбу Нуайм]

Имам Раббани хазреттери буюрду:
“Дүнүйө акырет менен салыштырганда деңиздин жанындагы бир тамчы сууга да татыбайт. Дүнүйөдө бир канча күн дарт жана балээ тартылбаса Жаннаттын чексиз ниматтарынын баасы билинбей калат, чексиз саламаттык жана афияттын баасы билинмек эмес. Курсагы ачпаган адам тамактын даамын түшүнө албайт, оорубаган адам саламаттыктын кадырын билбейт. Дүнүйө көз ачып-жумганчалык түш сыяктуу.

Түшүбүздө колубузга көп нерсе тийсе, ойгонгондо колубуздан эч нерсе жок болсо  анын анда анын кандай баасы болмок эле? Түшүңдө бираз кыйынчылык тартсаң, ойгонгондо өмүр бою ырахат жашайсың  деп айтышса ушундай аз кыйынчылыкка чыдаса болбойбу?

Кыйынчылыктар өтө оор сезилсе дагы булардын нимат экендиги унутулбоосу керек. Ошондуктан, сүйүктүүлөргө дарт жана балээ жамгыры кем болбойт. Бул таттуу ниматтар ачуу дары менен капталган. Акылы бар адам мунун ичиндеги таттуу ниматтарды көрөт. Үстүн каптаган ачуу ниматтарды да таттуу көрүп кошо чайнайт. Ачуулардан да даам алат. Оорулуу адам анын даамын сезе албайт. Оору деген нерсе Андан башкага көңүлүн бургандык болуп саналат. Дайым татуу тамакка көнүп калган адам шифа боло турчу ачуу дарыдан качат. Хадис-и шарифте буюурулду:
“Ниматка жетүү үчүң адамга кайгы келет.”  [Бухари]

“Аллаху тааланын кайырын мурат кылган пенде  балээлерге учурайт жана алектене турчу мал-оокаты, баласы калбайт.”  
[Таберани]

“Кайгы-кыйынчылыктар жүздөр карарган күндө ээсинин жүзүн агартат.” 
[Таберани]

“Ооруган адамдын күнөөлөрү дарактын жалбырактары күбүлгөндөй күбүлөт.”  [Ибни Хиббан]

“Аллаху таала буюрду: “Жиберилген балээге сабыр кылган адам ниматка шүгүр кылган сыддыктар менен бирге болот. Буларды аткарбаган адам өзүнө башка Раб издесин!”) 
[Т. Гафилин]

“Аллах жолунда момунга келген ар бир чарчоо, оору, кыйынчылык, кайгы-капа, жада калса бутуна кирген тикен күнөөлөрүнө каффарат болот.”  
[Бухари]

“Балээни нимат, молдук жана ырахаттыкты кайгы деп санабаган адам кемел момун эмес. Себеби, балээден кийин молдук, молдуктан кийин балээ келет.)  
[Таберани]

“Эң оор балээ анбия, олуя жана аларга окшогондорго келет. Адам ыйманы канчалык болсо ошончолук балээге туш болот. Ыйманы бекем болсо келген балээ оор, ыйманы алсыз болсо балээ жеңил болот.”  
[Тирмизи]

“Киши дайыма сыххат жана саламатта болгондо бул экөө анын куруусу үчүн жетиштүү болмок.”  
[И.Асакир]

“Баш оорусу же кандайдыр бир оорусу себеби менен момун адамдын Ухуд тоосундай күнөөсү болсо да баары кечирилет.”  
[Таберани]

“Хак таала буюрду: “Иззат жана жалалымдын акысы үчүн каалаган кулумдун малына тардык, денесине оору берип кечирбегенче дүнүйөдөн чыгарбайм.”  
[Рузейн]

“Момундун күнөөлөрү кечирилгенге чейин балээ жана оору келет.” 
[Хаким]

“Хак таала буюрду: “Денесине, баласына же малына кандайдыр бир зыян келген адам аны сабр-ы жемил менен тозуп ала турган болсо Кыяматта андан эсеп суроодон тартынамын.”  
[Хаким]

“Шектүү болгон алтынды от менен текшеришкендей эле Аллаху таала адамдарды дарт менен, балээ менен сынайт.”  
[Таберани]

“Афийетте (эч кыйналбаган) болгон адам кыяматта балээлерге дуушар болгондорго берилген сооптордун көптүгүн көргөндө: 
“Дүнүйөдө жашап жатканда терибиз кайчы менен кесилсе кана”, – деп айтышат.”  [Тирмизи]

“Пенде үчүн Аллаху тааланын алдында амалы менен жете албай турган даража болот. Балээге учураганда ошол даражага жетет.”   
[Абу Нуайм]

Күнөөнүн жазасы
Суроо:
 Качан күнөө кылсам башыма балээ келет. Балээге учуроо эмненин белгиси?
ЖООП
Күнөө кылуу жамандыктын, балээге учуроо жакшылыктын белгиси. Хадис-и шарифте буюрулду:
“Аллаху таала бир кулуна кайыр мурат кылганда күнөөлөрүнүн жазасын дүнүйөдө берет. Жамандык мурат кылганда күнөөлөрүнүн жазасын кыяматка калтырат.”  [Тирмизи]

“Балээге учураган бир адамды көргөндө:  “Бул адам учураган балээден мени коргогон жана көп адамга бербеген ниматты мага берген Аллахка хамд болсун!” – дей турган болсо өзүнө берилген ниматтарга шүгүр кылган болот.”  
[Байхаки]

Балээге кубануу
Суроо:
 Алдын алып, себебин бекем кармангандан кийин өз ыктыярлыгыбыздын сыртында балээге каршы чыгуу  (жинденүү) күнөө деп айтылууда. Ал эми ушундай балээ келсе ага кубануу да күнөө эмеспи?
ЖООП 
Кубануу күнөө болбойт. Хазрети Умар буюрду:

Мага бир балээ келсе үч түрдүү кубанамын:
1- Балээни Аллаху таала жиберди. Сүйүктүү жибергендиктен таттуу болот.
2- Мындан да чоң балээ жибербегендиги үчүн Аллаху таалага шүгүр кылам.
3- Аллаху таала адамдарга боштон-бош, пайдасыз бир нерсе жибербейт. Бир балээнин каршылыгы катары акыретте көптөгөн ниматтарды берет. Дүнүйөдөгү балээлер аз, акыреттин  ниматтары чексиз болгондуктан келген балээлерге кубанам.

Дүнүйөдө ырахат жашоо
Суроо: 
Аллах сүйгөн кулдарына дарт жана балээ берип алардын күнөөлөрүн тазалагандыгына караганда бул дүнүйөдө эч бир балээ дарт көрбөстөн ырахат жашаган адам Тозокко барабы?
ЖООП
Жок, Аллаху таала эч дарт-балээ бербей туруп да күнөөлөрдү кечириши мүмкүн.  Каалагандарына дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттык берет. Куран-и каримде момундарга дүнүйөдө да, акыретте да саадатка жетүү үчүн эмгектенүүлөрү жана дуба кылуулары буйрук кылынууда. Ар намазда окулган Раббана дубасы бир аят-и карима болуп, мааниси мындай:
“Эй, Раббибиз, бизге дүнүйөдө жана акыретте жакшылык бер. Бизди Жаханнам азабынан корго!”  [Бакара 201]

Дүнүйөдө бактылуу болуу эгер жаман болуп саналганда мындай дуба кылуу буйрук кылынмак эмес.

Нимат жана балээ

Суроо: Нимат келгенде кубануу, балээ келгенде кайгыруу күнөөбү?
ЖООП
Күнөө эмес. Балээ келгенде: “Мага муну жибергидей менин кандай айыбым бар эле” деп Аллахка баш ийбөө күнөө болуп эсептелет..

Баш ийбөө деген эмне?
Суроо: Бир балээге, бир оорунц көтөрө албай буга баш ийбөө кандай болот? Ооруп жатам деп айтуу баш ийбөө болбойбу?
ЖООП
Баш ийбөө күнөө болуп саналат. Ар бир күнөө Аллаху таалага баш ийбөө болуп саналат.

“Аллаху таала бул ооруну мага эмнеге берди деп ызы-чуу салуу баш ийбегендик болот. Шакик-и Балхи хазреттери: “Кыйынчылыкка сабыр кылбай кыйкырып наалыган адам Аллаху таалага баш ийбеген болот. Ыйлап-сыздоо балээни артка кайтарбайт”, – деп буюрган. Үч хадис-и шарифтин мааниси мындай:
“Аллахтын сүйгөндөрү балээге учурайт. Сабыр кылган мукафатка, сыздаган жазага туш келет.” [И. Ахмед]

“Дартын акерелеген адам сабыр кылган болбойт.” [И. Маверди]

“Дуушар болгон балээни жашырган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Таберани]

Алсыздыгын билдирүү, дуа алуу, докторго абалын билдирүү сыяктуу учурларда оорусун айтуу баш ийбегендик болбойт.

Балээге сабыр кылуу керек, жада калса шүгүр кылуу керек. Аллаху тааладан келген бардык нерсени кубануу менен кабыл кылуубуз керек.

Өлүм оорусу
Суроо: 
Өлүм оорусун тартуу жана дүнүйөдө жакшы көргөн нерселерден айрылуудан келген кыйынчылык күнөөлөрүбүзгө каффарат болобу?
ЖООП
Ооба, дүнүйөдөгү азаптар, өлүм азабы, кабыр азабы жана махшардагы азаптар күнөөлөргө каффарат болот. Бир канча хадис-и шарифтин мааниси мындай: 
“Момундун күнөөлөрүнө каффарат болбой турчу эч бир оору жок! Жада калса бутуна кирген тикен да күнөөсүнө каффарат болот.”
[Ибни Хиббан]

“Бир момунга чарчоо, оору, кайгы-капа келсе, бутуна тикен кирсе да күнөөлөрүнө каффарат болот.” [Ибни Хиббан]

“Мусулман туш боло турчу ар бир кыйынчылык күнөөлөрүнө каффарат болот.” [Муслим]

“Бир тикен кирген же болбосо андан да кичине кыйынчылыкка же ооруга туш болгон момундун даражасы көтөрүлөт жана бир күнөөсү өчүрүлөт.” [Хаким]

“Кабырдын момунду кысуусу бардык күнөөлөрүнө каффарат болот.” 
[И. Рафии]

“Оору менен өткөн сааттар күнөө кылынган сааттарга каффарат болот.” [Байхаки]

“Момундун үй-бүлөсү, малы, напси, баласы жана кошунасынан келген кыйынчылыктар күнөөлөрүнө каффарат болот.” [Муслим]

Кыйынчылыктар сыяктуу ибадаттарыбыз да күнөөлөргө каффарат болот. Эки хадис-и шарифтинманиси:
“Адамдын орозосу, намазы, зекети жана эмр-и маруфу күнөөлөрүнө каффарат болот.” 
[Бухари]

“Өкүнүч – күнөөлөргө каффарат.) [И. Ахмед]

Өлүү дагы күнөөлөрүбүзгө кафарат болот. Үс хадис-и шарифтин мааниси мындай:
“Өлүү – күнөөлөргө каффарат.” [Абу Нуайм]

“Өлүү – момун үчүн табылга.” [Байхаки]

“Өлүү – момунга белек.” 
[Даре Кутни]

Ооруга чалдыгуу
Суроо: 
Ооруп калган кезде кайгыруу керекпи же кубануу керекпи?
ЖООП
Оорунун келүүсү жакшы болгону менен оорунун келүүсү үчүн дуба кылынбайт. Ден-соолукка жетүү үчүн дуба кылынат. Ислам аалымдары: “Ооруда шифаа бар. Дене канчалык кыйынчылык тартса рух ошончолук ырахаттык сезет. Бул денеге оору берген бардык нерсе адамдын алсыздыгын түшүнүүсүнө, Аллаху таалага жүзүн буруусуна себепчи болот. Ушул себептен улам калб (көңүл) үчүн шифа болот”, – деп буюрушкан. Бир хадис-и шарифтин мааниси мындай:
“Оорулуу адамдын онтоосу таспих, кыйкыруусу тахлил, дем алуусу жана дем берүүсү садака, уктоосу ибадат, бир тараптан экинчи тарапка оодарылуусу жихад болуп саналат. Аллаху таала периштелерге: “Кулума ден-соолуктуу кезинде аткарган эң жакшы амалын жазгыла!” – деп буюрат. Жакшы болгондо күнөөсүз болуп бутка турат.” [Хатиб]

Пайгамбарыбыз:“Аллахумма инни асалукассыххате вал афийете”, – деп буюурууда. Б.а., “Йа Рабби, мага сыххат [ден-соолук] афийет бер” деп дуба кылган. (Таберани)

Демек, Аллаху тааладан ден-соолук жана афийет тилешибиз керек. Келген кыйынчылык болсо Аллаху тааладан деп сабыр кылабыз, жада калса, жакшылыктарыбыз үчүн да шүгүр кылабыз. Ден-соолукта болуу оорудан, нимат ичинде жашоо балээден жогору. Расулуллах (алейхиссалам) дубасында дүнүйө жана акырет кыйынчылыгынан Аллаху таалага калкаланган. Ар Пайгамбар мындай деп дуба кылышчу:
“Эй, Раббибиз, бизге дүнүйөдө жана акыретте дагы хасана бер!”.[Бакара 201]
[Хасана – жакшылык, сулуулук, ден-соолук жана афийет ичинде бактылуу жашоо деген мааниде.]

 Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru