Айбат » Жумгал районунун Куйручук айылында автордук класс ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал районунун Куйручук айылында автордук класс ачылды

1Жумгал районунун Куйручук айылында Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинде эл агартуунун кызматкери, алдыңкы кыргыз тилчи мугалим маркум Байтокова Зулайка Ибраимакун кызынын автордук классы ачылды. 
Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынан орун алган Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинде окуу жылынын алдынкы күнү эл агартуунун кызматкери, алдыңкы мугалим кыргыз тилчи маркум Байтокова Зулайка Ибраимакун кызынын автордук классы ачылды. Бул тууралу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев маалымдады.

Автордук классты ачууну уул, кыздары жана айыл тургундары демилге кылып келген. Көп жылдан бери эл агартуунун кызматкери болуп кызмат өтөп, өмүрүн мектепке арнаган кыргыз тилчи мугалими Байтокова Зулайка Ибраимакун кызынын өздүк классы ачылды. Автордук класс ачуу аземине уул, кыздары, айыл тургундары, педагогдор, айыл аксакалдары жана райондун айрым жетекчилери катышышты.

«Мындан ары апабыздын автордук классын жылына оңоп түзөп, керектүү жабдыктарын толуктап турабыз. Ошол менен бирге жылына эң алдыңкы 1 мугалим менен 2 окуучуга атайын стипендия берилип турат. Биз апабызды эли жана жердештери эми баалап, мына атын чыгарып класс берип жатасыздар, биз ар жыл сайын колдоо көрсөтүп турабыз» — дейт маркумдун уул, кыздары.

Байтокова ЗулайкаЭске салсак, Байтокова Зулайка Ибраимакун кызы 1930-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында чарбалуу адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. 7-классты 1945-жылы артыкчылык грамота менен бүтүрүп, Нарын педагогикалык окуу жайын кирген. Аны 1948-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. Ошол эле окууну өзү менен чогуу бүткөн Жарбаналиев Абдыкожого баш кошуп, Жумгал районунун Багышан азыркы Куйручук айылына келин болуп келет.

Эмгек жолун 1948-1951-жылдары Чаек, Түгөл-Сай мектептеринде башталгыч класстардан сабак берет. 1951-жылы Нарындагы эки жылдын пединституна кирип, 1953-жылы артыкчылык диплом менен бүтүрөт. 1953-1957-жылдары Багышан мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 1958-1964 жылдар аралыгында ошол эле мектептин директору болуп  иштейт.  7 баланы төрөп, тарбиялап багып өстүрөт.

Байтокова Зулайка жердештерининин ишенимине ээ болуп 1961-жылы Жумгал райондук Советинин депутаты
болуп шайланган. 1960-жылы 30 жашында СССР Жогорку Советинин «Ардак белгиси» орденине татыктуу болгон. Ошол эле жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Көп жылдык эмгеги эске алынып 1984-жылы «Эмгек Ветераны» медалы менен сйланат. Кыргыз Советпроф өзүнүн ардак грамотасы менен. 1964-жылы «Энелик медалы», 1968-жылы II-даражадагы «Эне даңкы» орденин ээси болот.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru