Айбат » Жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында окуу таржыйбадан өтүштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында окуу таржыйбадан өтүштү

1Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрдан 6 сентябрга чейин өлкөнүн 7 дубанынан келген жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү арасында уюмдар коомдо иш алып баруусу жана анын коомчулук менен тыгыз кызматташуусу боюнча окуу өткөнүн аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев кабарлады.
“Сорос-Кыргызстан” Фондусунун жаштар программасынын алкагында  “Коомчулук менен иштөө жана коомчулуктун пикирин жаратуу” темасында тажрыйба топтоо жана өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттары аркылуу, социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен коомдогу бардык пикирди орчундуу жаратуу жагдайларын үйрөнүштү.
Окуу семинарды “Сорос-Кыргызстан” Фондусунун жаштар программасынын адистери өтүп, анда жаштар уюмдары, жаштар жана коомчулук менен иш алып барган коомдук фонд, демилгечи топтор өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттарына кантип жарыялаш керек, коомдук уюмдарга көзөмөл жүргүзүү жана анализдөө менен өз ишмердүүлүктөрүн коомго жарыялоо багыттарын түшүнүштү.
Ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү бардык коомдогу болуп жаткан иш аракеттерди, жасалып жаткан иштерди баамдоону, жаштар менен тагыз кызматташууну, коомдук уюмдун ички жана тышкы иш аракеттерин баамдап ага баам берүүдөгү тажрыйбаны алмашууну үйрөнүшүүдө.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru