Айбат » Ак-Талаада Нарын дарыясындагы суунун курамын текшерип туруу боюнча тийиштүү жерлерге кѳрсѳтмѳлөр берилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак-Талаада Нарын дарыясындагы суунун курамын текшерип туруу боюнча тийиштүү жерлерге кѳрсѳтмѳлөр берилди

Нарын суусу

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, кызматкерлер, мекеме ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү  4-сентябрь күнү чукул жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев. Жыйын, жакында болуп ѳткѳн «Кумтѳр» ишканасына байланышкан чуулгандуу окуя эл арасында ар түркүн кепти жаратып жаткандыгына байланыштуу өткөрүлдү.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Динара Ысаманбетова 4-август күнү райондук күч структуралардын жетекчилеринин, жаштар уюмунун, санэпидстанция мекемесинин жана райондук басма сѳз кызматкерлеринин ортосунда чакан жыйын ѳткѳрүп, жалпы райондогу ахыбалдын тынчтыгын кармоону, ошондой эле таза сууларды санэпидстанциядан ѳткѳрүп турууну жана айыл ѳкмѳттѳрүнѳ элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Жыйында, райондогу жаштар эч кандай чагымчылдык иштерге жол бербей, мыйзам түрүндѳ гана иш алып барууну сунуштады.

Андан сырткары, Ак-Талаа аймагын кесип ѳткѳн Нарын дарыясындагы суунун курамын текшерип туруулары айтылып, тийиштүү жерлерге кѳрсѳтмѳлөр берилди.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru