Айбат » ЖКК кызметкерлери “Лексустарды” 1 миң эле сомго айыптайт…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Коом » ЖКК кызметкерлери “Лексустарды” 1 миң эле сомго айыптайт…

1Жакында эле интернет булактарында пайда болгон видеодо, бир айым ак машинени айдап жүрүп бир нече ирет жолдо айдоо эрежелерин бузганы аз келгенсип, ЖКК кызматкерлеринен качканы көргөзүлгөн. Ал Чодронова Назик атту айым жана машинеси ак түстөгү Лексус (мам.номери B 1177 AS) экен. ЖКК кызматкерлери артынан кубалап жеткенде ал Суранчиев жана Мелис байкеси менен коркутуп кирген (биз түшүнгөндөй алар ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана Бишкек ШИИБнин башчысы Мелис Турганбаев болсо керек). Кызматкерлер дароо коркуп кетишкенби айтор, номерин алгандан башка эчтеке кыла алышпады. Бирок эң кызыгы ошол эле күнү кечинде, ал номерди кайтарып берүүсүнө ал инспекторлордун жетекчиси приказ берген.

Окуя интернет булактарында катуу талкууга алынып, акыры номерди кайтарып берген кызматкерге «Кызматтык абалына толук ылайык эмес» деген эскертүү берилсе, анын жетекчиси ээлеген кызматынан алынган.

Бирок эң кызыгы, жол кыймыл эрежесин одоно бузган Назик Чодроновага болгону 1 миң сом айып салынды…

Бул эмне, ЖКК кызматкерлери “крутой” Лексустарды айыптай албайбыз дегениби, же алардын ушунча “арзандыгынын” белгисиби..?

Андай болсо менде 1 миң сом бар, өзүмдү бир “крутой” Лексустун айдоочусу сезип, жол эрежелерин бузуп кенен-кенен айдап албайынбы, кандай дейсиңер?!




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru