Айбат » Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын башкы архитекторун жумуштан алууну талап кылууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Саясат » Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын башкы архитекторун жумуштан алууну талап кылууда

Иса ОмуркуловШаар башчысы вице-мэр Бакыт Дүшембиевге Абдыкаровду жумуштан алуу жөнүндө премьер-министрге арыз даярдоону буйурду.Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Алмазбек Абдыкаровду Бишкек башкы архитектурасынын башчылыгынан жана анын орун басары Кубанычбек Абдыразаковду кызматтан алууну талап кылууда. Бул тууралуу 16-сентябрдагы пландык жолугушууда шаар башчы өзү билдирди. Жыйынга вице-мэр, район акимдери, муниципалдык кызматтын жетекчилери катышкан.

Анын айтымында, жакында эле Токомбаев көчөсүндөгү 40 дарак курулуш жүргүзүү үчүн кыйылган. Бирок, бактарды кыюу үчүн “Зеленстройдон” уруксат албай, айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына аймактык бөлүмүнө кайрылышкан. Ал жактан 15-беренеге таянып, алар бак-дарактар жеке менчикте турат деп жооп беришкен. “Зеленстройго” кайрыталат элем, буларды сотко бергиле”,-деди мэр.

Шаар башчысы ошондой эле, Бишкекбашкыархитектуранын башчысы Абдыкадыровду жумуштан кетүү тууралуу арызын жазууну суранды.

“Арызыңды жаз, сен бошсуң. Мен ошондой эле, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн документтерди берген башкармалыктын жетекчисин да жумуштан алууну премьерден сурайм. Ошондой эле орун басар Кубанычбек Абдразаковду да жумуштан кетирүүсүн сурайм. Шаарда мына ушундай архитекторлордон улам баш аламандык болууда. Мэр шаарды башкарбай эле, архитектор билип калды”,- деди мэр.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/230556



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru