Айбат » Депутат Өмүрбек Текебаев эл өкүлдөрү кызматтык унаасы жок жүрүшү керектигин айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Экономика » Депутат Өмүрбек Текебаев эл өкүлдөрү кызматтык унаасы жок жүрүшү керектигин айтты

Текебаев2“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев ЖКнын бюджетин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун демилгелеп жаткандыгын бүгүн, 17-сентябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, Кыргызстанда жыл сайын депутаттардын жардамчыларына 50 миллион сом кетет. “Ар бир депутатка болгону 1 эле жардамчы берилиши керек. Ошондой эле кызматтык унааларды да кыскартуу керек”,- деди эл өкүлү. Текебаев билдиргендей, 2012-жылы депутаттардын унаасына 106 миллион 613 миң сом сарпталса, 2013-жылга 105 миллион 562 миң сом керек. “Кызматтык унааларды ЖКнын жетекчилерине гана калтырыш керек. Ал эми калгандары башка чет өлкөлөрдөгүдөй эле коомдук унааларды, велосипед же өзүнүн унаасын колдонсо болот”,- деди эл өкүлү.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru